Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бурго баатыр

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Бурго баатыр

Бурго Итим бий уулу (1763-1831)- манап, элдик баатыр. Талас ороонундогу кыргыздардын кушчу уруусунан болгон. Кыргыздарды чет элдик баскынчылардан коргоодо корсоткон эрдиктери учун баатыр аттуу атакка жетип, кушчу уруусунан хан которулгон. Бурго баатырдын эрдиги казак ханы Абылайдын кыргыз жерине уюштурган жортуулдарында озгочо корунгон. Казак ханынын колун Балхаш колунун аймагына чейин суруп барган. Бурго баатыр Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердуу аралашкан.

Кокон хандыгы сунуштаган датка наамынан баш тартып, Олуя ата, Сайрамдагы чептерге кол салып, жортуул кылган. Аны Цинь императору чакырып, Кашкарга чейин барып, сыйлуу, баалуу сый-белек алган. Коз карандысыз саясаты учун аны Кокон шаарынын жетекчиси тымызын тынчы жиберип, ууландыртып олтургон. Кыргыздардын белгилуу баатырлары Атаке, Эсенгул, хан Садыр, Жаманак баатыр, Жайыл хан, Кошой баатыр, Тулоберди баатыр, Ажыбек баатыр менен узонгулош, замандаш тиричилик кылып, кыргыздардын биримдиги учун кызмат кылган. Бурго баатыр жоокер эле болбостон чарбачыл да адам болгон. Мерке облусундагы озу жашаган жерге арык каздырып, суу жугурткон, ал арык «Бургонун Тогонду сайы» деп аталган.

Бурго баатырдын озуно таандык кызыл кочкул тустогу туусун, моорун, жортуулда кийуучу темир зоотун ошондой эле аскердик кылычын урпактары азыркы убакка чейин сактап жургон.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2499, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо