Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Буттун оорусу

"Буттун оорусу" деп интернеттен издеп, бул макалага туш болсоңуз анда сиз туура келдиңиз. Ар бир эле адамдын буту ооруса керек. Бут оору оор жумуштан кийин эле пайда болбостон, дени сак адамдардыкы дагы ооруйт. Мындай симптом көп учурда патологиялык процесстердин өрчүшүн билдирет. Келгиле бут ооруларынын аталыштары кандай, алардын негизги белгилери кандай экенин билип алалы. Буттун бардык патологиялык абалдары оорунун мүнөзүнө жана ооруган жерине жараша бир нече чоң топко бөлүнөт. Алардын өзгөчөлүктөрү төмөндө берилет.

1.Буттун кан тамыр оорулары
1.1.Атеросклероз
1.2.Кан тамырдын варикоздук кеңейүүсү
1.3.Эндартериит
1.4.Артериялардын курч мүнөздөгү өткөрбөстүгү
1.5.Кан тамырлардын сырткы тромбозу
1.6.Курч веноздук тромбоз
2.Муундардын жабыркашы
2.1.Артрит
2.2.Артроз
2.3.Подагра
2.4.Булчуң ткандарынын зыян тартуусу менен байланышкан оорулар
3.Бут оорусу жана кант диабети
4.Таман оорулары
4.1.Буттун бармактарынын бурсит оорусу
4.2.Сөөлдөр, тапталуулар (натоптыш)
4.3.Тендинит
4.4.Согончок шпорасы
4.5.Нервома
4.6.Фасциит

Буттун кан тамыр оорулары
Бул топ өзүнө кан айлануунун бузулушу же тамырлардын стенкаларындагы патологиялык процесстердин өнүгүүсүн камтыйт. Мындай оорулар жаш кезден тарта эле тынчсыздандыра баштайт. Кечкисин буттун оорлошу менен коштолуп, эс алгандан кийин жок болуп кетет. Мунун себеби туура эмес рацион, ашыкча салмак, жаман адаттар, аз кыймылдуу жашоо образы болушу мүмкүн.

[ushka=seredina]

Буттун кан-тамыр патологиясына төмөнкүлөр кирет:

Айтылган оорулардын бардыгы дарылоону талап кылат, жана дарылоону дарыгер гана дайындайт. Медикаментоздук каражаттардан тышкары, компрессиондук кийимдерди жана ийкемдүү бинттерди колдонуп, диета кармап, атайын гимнастикаларды жасаш керек.

Муундардын жабыркашы
Көп учурда "буттун оорусу" муундардагы патологиялык процесстер себеп болот. Бул көйгөй сезгенүү жана дистрофиялык мүнөзгө ээ болот. Келгиле буттун муун оорулары болгондо кандай симптомдор болоорун билип алалы. Сезгенүү процесстеринде аймактык кызаруу, ачышуу, температуранын көтөрүлүшү, ошондой эле кыймыл аракеттин деформациясы жана бузулушун байкаса болот. Мунун себеби вирустук инфекция, метаболизмдин бузулушу, тамырлардагы патологиялык процесстер болушу мүмкүн. Дистрофиялык өзгөрүүлөр семирип кетүүнүн, рациондук бузулуусу, травмалардын фонунда пайда болот. Муундардагы кыймылдын чектелүүсү, оорутуу, анын формасынын өзгөрүүсү менен мүнөздөлөт. Өрчүп кеткен формада кемирчектин деформацияланып кетүүсү мүмкүн.

Эми тизенин муун жана башка ылдыйкы бөлүктөр (аяктардын) ооруларын кыскача баяндап өтөлү.

Артрит
Бул сезгенүү мүнөзүндөгү оору болуп, инфекциялык дагы, инфекциялык эмес дагы себептерден пайда болот. Артритте чоң жана майда муундар зыянга учурайт. Моно (бир муундун зыян тартуусу) же полиартрит (бир нече структураларга жайылат) формасында өтөт. Инфекциялык мүнөздө козгогуч кандын агымы менен синовиалдык баштыкчага түшөт же ачык жаракаттар болгондо тышкы чөйрөдөн кирет кирет. Себептери, суук тийүү, иммунитеттин төмөндөшү, инфекциянын өнөкөт очоктору. Оорутуу, кызаруу, аймактык гипетермия белилгери менен коштолот. Дарылоо гормоналдык, антибактериалдык жана сезгенүүгө каршы дарыларды кабыл алуу менен жүрөт.

Артроз
Оору дегенеративдик-дистрофиялык мүнөзгө ээ болуп, оору процессине муун кемирчегин кошо тартат. Буттарга чоң күч келтирүүнүн, травмалардан, аяктардын операциясы, генетикалык жакындыгы бар натыйжаларында пайда болот. Артроздун симптомдору: деформация, ооруксунтуу, кыймыл аракеттин оорлошу. Дарылоо үчүн хондропротекторлорду, метаболизмди жана кан айланууну нормалдаштыруучу дарыларды колдонот. Ошондой эле массаж, физкультура, мануалдык ыкмалар колдонулат.

Подагра
Зара кычкыл туздарынын муун боштуктарында чогулууга мүнөздүү болгон патология. Көп учурда плюснефалангалык бөлүктөр зыян тартат. Дарылоо урикодепрессант дарыларын кабыл алуу менен жүрөт. Мындай дарылар зара кычкылынын продуцирлөөсүн бөгөйт.

Булчуң ткандарынын зыян тартуусу менен байланышкан оорулар
Көп эле учурда бейтаптар буттарындагы булчуңдарынын оорутуусуна арызданышат. Мындан тышкары кускунун келүүсү, гипетермия симптомдору дагы тынчын алышы мүмкүн. Мындай абал чоң кишилерде дагы, балдарда дагы болот. Миалгиянын пайда болушуна, дайыма стресстик абалда болуу, буттарга ашыкча физикалык күч келтирүүлөр, организмдеги инфекциянын өнөкөт очокторунун болушу себеп.

Бут оорулары улгайган жана жаш кезде дагы болушу мүмкүн.
Көйгөйдү өз убагында таап, даарылоо жүргүзүү абдан маанилүү. Антпесе, остеохондроз, остеоартроз жана башка өөрчүп кеткен таяныч-кыймыл аппараттарынын оорусу күч алат.

Бут оорусу жана кант диабети
Кант диабети менен жабыркаган бейтаптардын буттары көп ооруйт. Бул сезгичтикти жоготкондуктан болот. Натыйжада механикалык жабыркаган жерлер байкалбай кала берет дагы, көп учурда инфекциянын кирип кетишине, трофикалык жаралардын пайда болуусуна, ал гана эмес гангренага алып келиши мүмкүн.

Кант диабетинде буттун оорусу төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

Ашыкча салмак көптөгөн ооруларды чакырат, алардан алыс болуу үчүн сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүңүз.

Эгер сөөктүн өзгөрүүлөрү болсо, анда "Шарко таманы" жана "остеоартропатикалык таман" деген түшүнүктөр жөнүндө сүйлөшсө болот. Кант диабетинин фонунда дарылоону өзгөчө көңүл буруу менен жүргүзүү керек жана бир гана дарыгердин көзөмөлүндө.

Таман оорулары
Эми адамдын таманынын кандай оорулары болоорун, жана алардын белгилери (симптомдору), дарылоо ыкмаклары кандай экенин билип алалы.

Буттун бармактарынын бурсит оорусу
Бул патология буттун бармактарынын муундарынын жылышып кетүүсүнөн пайда болот. Өөрчүп кетүүсүнүн себеби генетикалык жакындык же бутка ыңгайсыз чокойду кийүү. Зыян тарткан жер ооруп, шишийт, убакыттын өтүшү менен бармак чоңураак болуп калат. Бул оору буттун чыпалактарына дагы жайылышы мүмкүн. Бурситти дарылоо хирургиялык жол менен жүрөт.

Сөөлдөр, тапталуулар (натоптыш)
Чордонуп калган эпителий катмарынын чогулуусунан улам, таман терисинин күчтүү басым кылуучу жерлеринин тыгыздануусу. Сөөлдөрдүн жана тапталуулардын өнүгүүсүнүн себеби буттун өлчөмүнө туура келбеген чокойду кийүүдөн болот. Ошодой эле мындай көйгөй дайыма такалуу чокой кийим жүргөн адамдарда болот.

Тобокелдик факторлоруна сөөктүн уркуюуулары жана деформациялары, май таман, ашыкча салмак, басуунун бузулушу кирет. Өөрчүп кеткен учурда сөзсүз ортопед-дарыгердин кеңешин алуу зарыл. Кээ бир учурларда мындай көйгөйлөрдү операция жолу менен гана чечүү болот. Сөөлдөрдүн жана тапталуулардын пайда болуусун алдын алуу үчүн бутка ыңгайлуу чокой тандап, таманга ашыкча басым кылбоого аракет жасоо керек. Зарыл болсо ортопедиялык куралдарды колдонуу керек.

Тендинит
Бул оору кылтанын (ахил тарамышы) дүүлүгүүсү жана сезгенүүсү менен мүнөздөлөт. Күч келүүдөн же машыгуулар алдын жазылуу, жумшартуу кыймыл аракеттин аздыгында пайда болот. Дарылоо үчүн сезгенүүгө каршы каражаттарды колдонот, аспирин, муздак компресс. Ошондой эле буттарга толук тынч абалда коюуу керек.

Буттарга экстремалдык күч келтирбегиле, жумуш учурунда ден-соолукту сактоо үчүн тыныгууларды жасагыла.

Согончок шпорасы
Патологияга согончок аймагында сөөк өсүүнүн пайда болуусу мүнөздүү, ал албетте оорутат. Көп учурда арка омурткасында көйгөйү бар адамдарда, ашыкча салмактан, май тамандыктан, спортсмендерде өөрчүйт. Дарылоо медикаментоздуу ыкмалар менен жүрөт, ошондой эле оорулууга супинатору бар чокой кийүү сунушталат. Оор учурларда гипстеп таңуу колдонулат.

Нервома
Оору оң сапаттагы мүнөздө болуп, мында нерв ткандарынын өсүп кетет. Көп учурда ортоңку жана аты жок сөөмөйлөрдө жайгашат. Травмалардын, өйкөлүүлөрдүн, ыңгайсыз чокойду кийүүдөн, чоң физикалык күч келтирүүдөн пайда болот. Невроманын белгилери, буттун уктап калуусу, сайгылашуусу, оорутуу, ысуу. Дарылоо үчүн ортопедиялык аспаптар колдонулат. Өөрчүп кеткен учурларда хирургиялык кийлигишүү жана гормоналдык терапия дайындалышы мүмкүм.

Фасциит
Бул ооруда тамандын фасцииси сезгенет. Буттун анча-мынча оорутуусу менен белгиленет. Көйгөйдү чечүү үчүн глюкокортикостероиддерди, физиотерапевттик ыкмаларды дайындап, бутка шина орнотот.

Буттарды жабыркатуучу көптөгөн оорулар бар. Көбүнчөсү окшош симптомдорго ээ, ошондуктан так диагнозду адис гана коёт. Буттагы кандайдыр бир дискомфортту сезгенде, дароо эле дарыгерге кайрылыңыз. "Буттун оорусу" өөрчүп кетсе жаман жыйынтыктарга алып барат, ошол себептен ден-соолукту сактагыла.

[ushka=muundar]
Жайгаштыруу: 2017-12-18, Көрүүлөр: 55095, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-25
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо