Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Буудайык

Баш барак | Адабият | Буудайык

"Буудайык" - канаттуулардын ээси, пири, төрөсү болот экен. Буудайыктын кебетесин, түсүн мифтик элестетүүдө төмөнкүдөй баяндайт.

Буудайык - көзү чекир, үнү заар, жүнү чаар, текөөрү болот, жем басары жез, чалгыны бычак, манжалары адамдыкы сыңары беш, куйругу кучак, денеси башка канаттуулардан башкача канаттуу экен. Буудайык жөнүндө кыргыздын оозеки адабиятында кеңири айтылат. Канаттуулардын ээси болуп да, төрөсү катарындагы тотемдик элестетилген образдар кыргыз мифтеринде, уламыштарында бир кыйла кенен сүрөттөлгөн. Куш төрөсү буудайыктын мифтик элеси, жарытылыштагы образы "Буудайык" дастанында эң сонун жаралган.



"Буудайык" канаттуулардын төрөсү болгондуктан, абдан ыйык жандар катары образ жаратылган. Аны кармоого, таптоого аракет жасагандар бүт эле өз башынын өлүмүн өзү анык көргөн. Буудайык баяны, образы (Кожожаш) дастанындагы Сур эчки катарында турса, Кара төлөк саятчы Кожожаш мерген катары Буудайыктан жазасын тартат. "Буудайык" башка жан-жаныбарлардын ээси, пири сыяктуу эле жаратылышта болгон жандар эмес, тотемдик тааным боюнча элестетилген адабий көркөм образ эсептелет.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 16692, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу