Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана бийкеч

Баш барак | Гороскоп | Чаян жана бийкеч

Чаяндар менен Бийкечтер кандайдыр бир сыйкырдуу бир тилде сүйлөйт жана ой-жүгүртүшөт, ошондуктан бул түгөйдүн ар бири өнөктөшүнүн сезимдерин жана умтулууларын жакшы түшүнөт. Булар мүнөздөрү жагынан бири-бирине ийгиликтүү айкалышат, Чаяндар мамилелерге сезимталдуулукту, чыңалууну жана күч-кубатты алып келип, Бийкечтер бул сезимдерди иретке келтирет.



Чаяндар болгон күч-кубаты менен спонтандуулуктан качууга аракет кылат, ошондой эле Бийкечтер да күтүлбөстүктөрдү жана сюрприздерди жактыра бербейт. Бул нерселер аларды тең салмактуулугунан чыгарат.



Бийкечтердин көпчүлүгү дайыма өзүн-өзү өнүктүрүп турат. Чаяндар муну тез эле түшүнүп, Бийкечтердин өзүнө болгон катуу тартиби үчүн сыйлайт. Ал эми Бийкечтер болсо Чаяндардын критикага жана анализге болгон мүмкүндүктөрүн сыйлап, майда түшүнбөстүктөр болуп калса, мамилени каршылашууга жеткирбегенге аракет кылат. Анткени, Чаяндар Бийкечтерге окшош келип, Бийкечтердей тыкат, акылман, аяр жана сак болот, ал гана эмес Бийкечтерден да ашып түшүшү мүмкүн. Демек, күч-кубатты үзүрлүү коротууга эмнеге болбойт?



Бирок Бийкечтердин көпчүлүгү Чаяндарды тарбиялап алуусуна чын дилинен ишенет, ал эми Чаяндар болсо мындай иш аракеттерди өзүнө жүргүзүүгө эч кимге мүмкүндүк бербейт. Ошого карабастан, Чаяндар Бийкечтердин дайыма чыгып туруучу терс маанайы менен күрөшүүгө жана муздак кандуу болууга үйрөтүүгө мүмкүндүгү жетет. Бийкечтер Чаяндардын бардык башаттарында жайлуу жана кыжырына тийбей колдоп, бул түгөйлөр коомдук жашоодо жана карьерада ийгиликке жетишет. Айрыкча Бийкечтер, Чаяндардын камкордугун колдонуп, алардын берилгендиги менен ыракаттанат. Шериктеш катары булар бири-бирине сөзсүз жакшы таасирин тийгизет.



Качан Бийкечтер үй-жай менен иш алып барганда, кырдаал жайлуураак болот. Мындай учурда Чаяндарга акча таап, үй-бүлөөнү камсыз кылууга оңой болот. Анткени, эгер Бийкечтертин кызыкчылыгы акча табуунун жана карьеранын меркантилдүү жагында болсо, бул Чаяндарды абдан капа кылат... Ошондой эле Бийкечтер өз түгөйүнүн профессионалдык ийгиликтерине кызганышы мүмкүн. Никени сактап калуу үчүн, эң башкысы өз түгөйүнөн аша чапкан көп нерселерди талап кылбоо зарыл.



Мындай үй-бүлөөдө уруш-талаштар, макулсуздуктар жана карама-каршылыктар, конфликтер жана скандалдар абдан көп... Эгер түгөйлөр ортосунда өз ара түшүнүүлөр жана толук субординация болгондо шериктештик ийгиликтүү болот. Бирок мындай учурлар чын-чынында абдан сейрек кездешет. Бирок биримдиктер, өзгөчө профессионалдык шериктештикте же биргелешкен чыгармачылыкта, чындыгында мыкты жыйынтыктарга алып келет, анткени, Бийкечтердин муздак кандуу жана эстүү акылы, Чаяндардын эбегейсиз зор күчү жана кубаттуулу бул - жалпы идеяларды, ойлорду жана максаттарды ишке ашыруучу эң жакшы аспап.



Кимдир-бирөөлөр Бийкечтер менен Чаяндардын биримдигин текебердүү өч алуучулукка көбөйтүлгөн муздак кандуу эсепчилдик деп айтышы мүмкүн. Албетте, мүмкүн, душмандар үчүн мүмкүн. Анткени булар, бири-бирине назик жан аябагандыкты жана айкөл берилгендикти көрсөтөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1892, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу