Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жана чаян

Баш барак | Гороскоп | Чаян жана чаян

Мындай биримдиктер абдан сейрек кездешет, айтылганга карабастан, үй-бүлөө курууга чечим кабыл алынса, бул түгөйлөр бири-бирине такыр окшош болбойт. Чаяндар абдан ар түрдүү болот, мисалы, эгер бирөөсү бийликти жакшы көрүп, бекем жана темирдей мүнөзгө ээ болсо, экинчисинде балким, дипломатиялык сапаттар, мүдөөлүк ийимдүү жана айкалышуучулук мүмкүндүгү өнүккөн болот. Булар иш үстүндө шериктеш болуп, сүйүүдө берилген сүйүүчү болот, бирок бул биримдикте достукту күтпөгүлө. Булар жол бошотууну билишпейт.



Мындай никеде олуттуу коркунуч бул, ар биринин кичине таарыныч болсо эле жооп кайтаруу адаты жана өзүнүн алсыз жактарын көрсөтпөө үчүн сезимдерде сырдуу болушу мүмкүн. Чаяндардын жасаганы бекем жана түбөлүктүү - үй-бүлөө түзүү, уруш, ажырашуу... Эгер Чаяндар кимдир бироого ишеничин жоготсо, бул түбөлүккө. Бирок адилеттүүлүк үчүн айтып коюуу керек, Чаян Чаянды башкаларга караганда тезирээк кечирет, андан тышкары буларга Балыктар жана Бөйөндөр да кириши мүмкүн, бирок азыркы сөз алар жөнүндө эмес.



Көп учурда булардын экөө тең ашыкча шекчил болуп, муну жеңүүгө өз ара чынчылдык жардам берет. Булар эгоисттүү жана ырайымсыз келишет. Чаяндардын биригиши айтып өткөн мүнөздөрдү күчөтүүгө алып келет, бирок ошону менен бирге мүнөздөрдүн оң сапаттырын да күчөтөт, алардын ичине: кайраттуулук, чыдамдуулук, айкөлдүк жана алсыздарды коргоого умтулуу сезимдери кирет. Эгер булардын экоо тең ал мүнөздөрүн атайын күчөтүүгө аракет кылып, мүнөздөрүнүн терс жактарын башкара билсе, анда булар дайыма бири-бирине ишенич арта алат.



Бул нике бекем болуусу үчүн, Чаяндарга бир оңой эмес илимди үйрөнүп алуу зарыл, бул илим "кечире билүү" илими. Качан булар бул улуу наркка ээ болгондо, булардын сүйүүсүнүн чеги жок болот. Анткени, Сүйүү бул кемчиликтерди кечире билүү наркы, башканы бардык терс сапаттары менен кабыл ала билүү мүмкүндүгү. Жана бул жерде сөз, сезилгендей, көз карандуулукта эмес, сүйүүдө... өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчүнө айлануучу сүйүүдө.



Ошондой эле бул никеде физикалык сүйүү да өз жардамын көрсөтөт, анткени физикалык жакындашуу Чаяндардын жашоосундагы ажырагыс бир бөлүк болуп, бул зодиак белгисинде төрөлгөн адамдардын жашоосунда чоң ролду ойнойт.



Мындай үй-бүлөө үчүн ишенимсиздик абдан коркунучтуу. Айтып коюуу керек, Чаяндардын ишенимсиздиги/алмаштыруулары кайгынын абдан чегине жеткен учурунда гана мүмкүн. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктердин, банги заттардын, оккульттук илимдердин жана секталардын психикалык башкаруу жаатына да чоң көңүл буруу зарыл. Мунун баары эки Чаяндын биримдигине эки эсе чоң коркунуч туудурат.



Анткени, эгер эки Чаян өзүлөрүнө жаман бы, же жакшы бы, багыт койсо, жанар тоонун бүркүүсүн алакан менен тоскондой, буларды максатынан четтетүүгө мүмкүндүк болбойт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1616, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу