Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чалапинов Деңизбек

Чалапинов, Деңизбек – театр жана кино артисти.

Чалапинов Деңизбек орто билимди Фрунзедеги №5-мектептен алган.

Орто мектеп аяктаган соң 1952-жылы Москвадагы мамлекеттик А. В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтунун актердук факультетине тапшырып, окуган. Үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу, актердук кесип боюнча адистикти 1956-жылы Ташкенттеги мамлекеттик А. Н. Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунан алып чыккан.

Алгачкы эмгек жолун 1956-жылы Жалал-Абад театрынан баштаган.

1962-1983-жылдары азыркы Нарын (мурдагы Тянь-Шань) облустук музыкалуу-драма театрында эмгектенген.

1983-1993-жылдары Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы драма театрында иштеген.

1956-жылдан тартып, дээрлик 60 жылга чукулдаган талыкпаган чыгармачылык жолунун ичинде, Д. Чалапинов элибиздин эсинен кеткис жүзгө жакын театр жана кинообраздарды жаратып, калкыбыздын рухий казынасынын байышына көөнөргүс салымын кошкон.

Д. Чалапинов бир кездерде "Нарын жылдыздары" деп бүт Кыргызстанга дүң болгон А. Жангорозова, К. Медетбеков, Б. Алиев, С. Чечейбаева, С. Андабеков, К. Карасартова, Т. Жумакаева, З. Эсеналиева, Г. Мамашева, К. Тагаев сыяктуу ж. б. ондогон орошон таланттардын тобуна кирет. Тобуна эле кирбестен, ушул аталган инсандардын катарында, өзүнүн кайталангыс чыгармачылык жүзү, ташкындаган жөндөмү менен көбүнөн айырмаланып да турат. В. Шекспирдин "Виндзордук ойсокелериндеги" мистер Пейдж, А. Н. Островскийдин "Добулундагы" Борис, "Күнөөсүз күнөөлүүлөрүндөгү" Шмага, Ч. Айтматовдун "Жамийласындагы" Садык, Ж. Садыковдун "Чакмак таштын сыныгында" Классовский, Т. Абдумомуновдун "Жарыктык карыларымындагы" Мантай өңдүү ондогон образдарын айтпаганда да, Д. Чалапинов Нарын облустук музыкалуу-драма театрынын сахнасында жараткан В. Шекспирдин "Отеллосундагы" Яго, В. Вишневскийдин "Оптимисттик трагедиясындагы" Алексей, сыяктуу образдары, жеке гана тоолук театрдын тарыхындагы көркөм бийиктик эмес, дегеле бүтүндөй улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу көрүнүштөр болуп саналат.

Төрт жүз жылдык тарыхы бар "Отелло" трагедиясынын таржымалында Д. Чалапиновдун Ягосундай индивидуалдуу жана философиялык жалпылоосу терең образдык чечилиштер өтө сейрек болуш керек. Анткени, актер салтташып калган караниет офицер Ягонун образына эстен кетпей турган элестүү демондук мүнөз берүүгө жетишкен. Ошол эле учурда, Д. Чалапиновдун Ягосу өзүнүн интеллектуалдык циник экени менен өтө коркунучтуу болчу.

Ушундай эле ташкындаган темпераменти менен сахнаны жарып жиберчүдөй болгон Алексейдин образы да, Д. Чалапиновдун чыгармачылык кудуретинин бийик экенинин айгинеси.

Булардан сырткаары, 20-кылымдын 80-жылдарында Ысык-Көл драма театрынын сахнасында залкар артист "Курманбектеги" Тейитбек-хандын элестүү образын жаратып, кыргыз сахна өнөрүнүн төбөсүн дагы бир ирээт бийиктете алган.

Ал эми Д. Чалапиновдун кинообраздары кыргыздын кино өнөрүнүн алтын казынасына эчек кирген.

Залкар таланттын чыгармачылыгы жогору бааланып, ага 1973-жылы Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы, 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти", 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген.

Акыркы учурда Деңизбек Чалапиновдун чыгармачылык активинде азыркы көрүүчүлөрдүн эсинен кеткис, устаттык менен жаралган кинокарыяларынын жаркын образдарынын бүтүндөй бир галереясы пайда болду.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)