Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Челпек (айыл)

Челпек (англ. Chelpek) - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу айыл. 1884- жылы түзүлгөн. Учурда Челпек, Таш-Кыя жана Бурма-Суу айылдары биригип Челпек айыл өкмөтүн түзүшөт. Кыргызстандагы калмак улуту жашаган эң ири айылы болуп саналат. Орто эсеп менен 7 778 адам бар.

Чыгыш-түндүгүнөн - Каракол шаары, Батышынан - Ырдык (Дейшин) айылы, Жети-Өгүз району, Түндүгүнөн - Кытай.

А. В. Бурдуковдун изилдөөлөрүнө таянсак, XIX кылымда калмактардын ата-теги өөлөт Токмок шаарынын айланасында жашап келишкен. 1864-1882 жж. жергиликтүү калктын үстөмдүгү менен Ысык-Көл облусуна келишет, туруктуу жери жок эки жыл көчмөн жашоо менен Ысык-Көлдү кыдырышат, 1884-жылы гана, өз алтын кенчтерин беришип учурда орун алып турушкан жерлерге төрт айыл (Челпек, Таш-Кыя, Бурма-Суу жана Бөрү-Баш) болуп отурукташып калышыт. Жүздөгөн жылдары бою бул калмактар кыргыздардын ичине кирип кыргыз болуп калышкан.

1930-жылы калмактардын ариби латынчаланган. 1931-жылдагы оңдоп түзөөлөрдөн кийин, ал төмөнкү түрдө сакталган.

Калмактарда уруулар жакшы сакталып келүүдө. Эң ирилери болуп: байымбахы, солто жана харватыр (карабаатыр) уруулары. Ал эми майда уруулары болсо — шонңкур, сатывалды, кыпчак, бугу, сары бағыш, чимит, жедигэр, көдөнуул, күйкүнуул. Жогоруда саналган урууларга караганда, бул уруу жалаң гана бир кандуу элден турбастыгы көрүнүп турат, мисалы, алардын урууларынын арасында, нукура кыргыздардын да урууларын кезиктирүүгө болот — солто, сатывалды, кыпчак, бугу, сары багыш, җедигэр.

Орточо айлык температура °C:

м.-п.— монгольско-письменный язык (см.: Б. Я. Владимирцов, Сравнительная грамматика монгольского письменного языка и халхаского наречия. Л., 1929, Г. Д. Санжеев, Старописьменный монгольский язык, М., 1964), знак - над буквой — позиционная, долгота.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)