Четки нерв системасы

Четки нерв системасы — борбордук нерв системасынын (мээ менен жүлүндүн) сыртында жайгашкан нерв системасынын бөлүгү. Борбордук нерв системасы Ч. н. с-нын жардамы менен организмдеги бардык системалардын, органдардын жана ткандардын иштешин жөнгө салып, бири-бирине ылайыкташтырып турат. Ч. н. с-нын составына мээ, жүлүн нервдери, алардын сезгич түйүндөрү, вегетатив нерв системасынын нервдери жана түйүндөрү кирет. Борбордук нерв системасын тери, булчуң, тарамыш, байламталар менен байланыштырып туруучу Ч. н. с.— сома (дене) нерв системасы, ал эми ички органдар, кан тамырлар, бездер менен байланыштырган нерв талчалар вегетатив нерв системасы деп аталат. Органдардагы сырткы жана ички сезүү нерв учтары — рецепторлор, бөлүп чыгаруучу жана кыймылдатуучу нерв учтары — эффекторлор да Ч. н. сна кирет. Мээ, жүлүндө жана нерв түйүндөрүндө жайгашкан нерв клеткаларынын талчаларынан турган нервдер организмде болгон өз ара байланышты ишке ашырып турат. Четки нервдер же нерв сөңгөктөрү көп сандаган нерв талчаларынан туруп, борборго умтулуучу жана борбордон четтөөчү талчаларга бөлүнөт. Борборго умтулуучу нерв талчаларында нерв импульсу рецепторлордон борбордук нерв системасына багытталат.

Ал эми борбордон четтөөчү нерв талчаларында нерв импульсу борбордук нерв системасынан четке багытталып, кыймылдаткыч талчалар — булчуңга, вегетатив нерв талчалары бездерге, ички органдарга, кан тамырларга келет. Борбордук нерв системасынын кайсы бөлүгүнөн чыгышына жараша Ч. н. с-нын нервдери жүлүн нервдери жана баш мээ нервдери болуп бөлүнөт. Жүлүн нервдери жүлүндөн чыккан алдыңкы кыймылдаткыч жана арткы сезгич дүмүрчөктүн кошулушунан пайда болуп, омуртка аралык каптал тешиктеринен чыгат. Эки тамырдын кошулган жеринде арткы сезгич дүмүрчөктүн ичинде жүлүн түйүнү жайгашкан. Жүлүндөн бардыгы 31 жуп (8 моюн, 12 көөдөн, 5 бел, 5 куймулчак жана 1 чычаң) жүлүн нерви чыгып, жүлүндүн 31 сегментине туура келет да, дененин белгилүү бир бөлүгүн камсыз кылып турат. Омурткалардын арасындагы тешиктен чыккандан кийин ар бир жүлүн нерви бутактарга бөлүнөт. Алдыңкы бутагы дененин алды жагына, колго, санга тарайт; арткы бутагы дененин арт жагындагы булчуңдарга жана териге кетет; ошондой эле жүлүн кабыктарына кетүүчү; симпат сөңгөгүнүн түйүнү менен кошулуп туруучу бутактар бар. Баш мээ нервдери (12 жуп) мээнин ичиндеги ядролорунан башталып, баш сөөгүнүн негизиндеги тешиктерден сыртка чыгып, башта жана моюнда жайгашкан органдарга, териге, ал эми адашма нерв баш менен моюндан тышкары көкүрөк жана курсак көңдөйлөрүндөгү органдарга тарайт. Адамдардын ири нервдери нерв-кан тамыр боолорунун составына кирип, сыртынан тутумдаштыргыч ткандан турган кутуча менен курчалып турат. Нерв-кан тамыр боочосу артерия, вена, нерв жана лимфа тамырларын камтып турат.

Нервдер тери жана булчуң нервдери болуп бөлүнөт. Тери нервдери теринин астында жайгашып, анын составындагы сезүүчү нерв талчалары терини жабдыса, ал эми вегетатив нерв талчалары тери бездерин, чачтарды көтөрүүчү булчуңдар менен кан тамырларды нервдештирет. Булчуң нервдери ар дайым нерв-кан тамыр боочолоруна кирип, кыймылдаткыч, сезүүчү жана вегетатив нерв талчаларынан туруп, булчуңдарды, муундарды, сөөктөрдү жана кан тамырларды жабдыйт. Нервдер кыймылдаткыч, сезгич жана аралаш нервдерге да бөлүнөт. Адамдын денесиндеги нервдердин көпчүлүгү аралаш нервдер. Ал нервдин составында сезгич, кыймылдаткыч, вегетатив нерв талчалары бар. Ч. н. с-нын оорулары түрдүү себептерден (кан айлануунун бузулушу, травма, нервдердин кысылып калышы, түрдүү уулануу, зат алмашуунун бузулушу, ошондой эле сезгенүү) пайда болот. Ч. н. с-нын жабыркаган жерине жараша куяң, плексит, неврит, полиневрит жана башкалар оорулары белгилүү. Куяңда жүлүндүн алдыңкы дүмүрчөсү жабыркап, дененин тийиштүү сегментиндеги булчуңдар шал боло баштайт, ал булчуңдар бошоңдоп, кээде эрксиз кыймылдап, тартылып турат, бирок сезгичтик сакталат. Жүлүндүн арткы дүмүрчөгү көбүрөөк жабыркаганда катуу ооруп, ал жердин сезгичтиги азаят.

Нерв чатыштары жабыркаганда сезгичтик жана вегетативдик бузулуулар бир нерв жабыркаганга караганда көбүрөөк болот. Четки нервдер жабыркаганда сезгичтик, кыймыл жана вегетативдик бузулуулар байкалат. Баш мээ нервдери, мисалы, көрүү, жыт билүү, угуу нервдери жабыркаганда оорубай, булчуңдар начарлабай эле көздүн көрүүсү, кулактын угуусу, жыт сезүү начарлайт. Үч ача нерв жабыркаганда беттин бир жагы эч нерсе сезбей калат же өтө катуу ооруйт. Бет нерви кыймылдаткыч функцияны да аткаргандыктан анын бузулушу беттин бир жагындагы мимика булчуңдарын шал же парезге дуушарлантып, көз жумулбай, бет, ооз кыйшаят.

Көздү кыймылдатуучу нервдер неврит болгондо чалыр болуу, көзгө кош көрүнүү байкалат. Тил, кулкун жана адашма нервдер жабыркаганда кулкун, кокодо сезгичтик төмөндөп, тилдин арт жагы даам сезбей, жутуу кыйындап, бат-бат чакайт, шилекей чыгаруу да бузулат, ошондой эле органдардын (өпкө, жүрөк, ичеги-карын) функциясы да өзгөрүлөт. Ооруну врач түрдүү неврологиялык текшерүү жана электромиографиялык изилдөө менен аныктайт. Кээ бир учурда жүлүнгө пункция жасалат. Вегетатив нерв системасынын четки бөлүктөрү жабыркаганда плексит, неврит өөрчүп, ички органдар ооруп, начарлайт. Ч. н. с-нын ооруларын алдын алуу үчүн үшүп калуудан, өндүрүштүк кырсыктан сак болуу жана уу химикаттар менен иштегенде коопсуздук техникасын туура уюштуруу зарыл. Ч. н. с-нын оорусуна көбүнчө ичкилик ичкендер, тамеки тарткандар, кант диабети, богок болгондор, ичеги-карыны ооругандар көбүрөөк дуушар болушат.

Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлүп, четки нервдин түрдүү бөлүктөрүнүн дарылоосу да ар башка болот. Мында оорулууну атайын текшерип аныктагандан кийин дары-дармек жана физиотерапиялык процедуралар колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)