Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чиполлино

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Чиполлино

Эски жомоктордогу каармандар - Дюймовочка, Калай солдат, Буратинону биз эчактан бери эле билгендиктен, алар дайыма жашап келгендей сезилет. Чындыгында аларды жазуучулар ойлоп чыгарышкан. Жакында эле, мындан отуз беш жылдай мурун жаңы жомок кейипкери жаралды. Азыр аны миллиондогон адамдар менен жаш балдар жакшы билишет. Пияз баштуу кичинекей тири карак баланын сүрөтүн китептерде, открыткаларда тартышып, пластмассадан куюп жасашат. Бала бакчада жана мектепте аны пластилинден жасашат.

Анын аты Чиполлино. Италян тилинен которгондо пияз бала дегенди билдирет. Аны ойлоп чыгарып, ага өчпөс өмүр берген адам - италиялык жазуучу Жанни Родари. 1951-жылы ал редактор болуп иштеген Пионьеро аттуу балдардын журналына Родари Чиполлинонун укмуштуу окуялары аттуу шаттуу жомогун басып чыгарган. Жомокто пияз бала жашылча-жемиштердин ажайып дүйнөсүндө жашайт. Укмуштуудай бул өлкөде Чиполлино жер кыдырып, саякаттайт, өз элиндеги жакырларды коргоп, эмгекчи элди эзип жаткан каардуу Помидор, бекерпоз жана соргок барон Апельсин, чет элдик шпион, арамза мистер Сабиз жана башкаларга каршы күрөшөт.

Бардык чыныгы жомоктордогудай эле мээримдүү адамдар жамандык менен күрөшүүдө Чиполлиного жардам беришет. Ошентип эзүүчүлөрдү жеңип чыгышат. Эл канзада Лимонду жан-жөкөрлөрү менен бийликтен кулатып, өлкөдө эркин республика орнотушат... Жанни Родаринин жомогу чыныгы турмушка абдан окшош. Жашоо кубанычына ширелген бул шаттуу жомок көп өтпөй эле италиялыктардын сүйүктүү жомогу болуп калды. Анан Чиполлино башка өлкөлөргө саякатын баштады - жомок көп тилдерге которулду. Чиполлино менен көп өлкөлөрдүн балдары таанышып, достошушту. Ошентип тири карак жана шайыр «пияз бала» биз жакшы көргөн мурдагы жомоктордогу Дюймовочка, Калай солдат жана башка сүйүктүү каармандардын катарына кошулду.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 823, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу