Чүйүнчү Үлүлдүү акиташ кени

Чүйүнчү Үлүлдүү акиташ кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфана кыштагынан 35–40 км чыгышта, Бели-Сынык тоосунун түндүк капталында. 1973–75-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеоген мезгилинин чөкмө тоотектери түзөт. Пайдалуу катмар эоцендин ортосунда пайда болгон үлүлдүү акиташ тегинен турат. Узундугу бир нече км, калыңдыгы 11,8 м. Өңү ачык-боз, ак, саргыч жана күрөң саргыч түстө. Акиташ теги оңой кесилет жана жакшы сайкалданат. Үлүлдөр тегерек формаларды түзүп, жылмалап сүрүлгөн тактанын бетине ажайып кооз чиймелерди берип турат. 2,5–3 м3 көлөмдөгү блоктор алынат. Болжол запасы 500 миң м3. Имарат дубалдарын кооздоп-каптоого жарактуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)