Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чык жана чыктардын түрлөрү

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Чык жана чыктардын түрлөрү
Чы
к - бул нарын эт берүүдөгү ар бир адамдын алдына чыныга куюлган сорпо. Этти ошол сорпого малып жейт деген түшүнүктү берет. Куйрук-боорго туз аралаш сорпо берүү, карта, жал, казынын кыртышын, чүйлүү этти ошол чыныдагы сорпого кесип, ирээти менен улуулата сунуп жешүү.

Эт жеп жатканда сорпону ууртап туруу, эт майда туураганда ага сорпо куюу. Тууралган эттин түп чыгын ичүү салт болгон. Нарындын чыгына кыргыздарда татытылган туздан башка пияз, калемпир, мурч, лавр жалбырагы жана башкалар кошулган эмес. Элдик нукура тамак-аштарда эттин сорпосу гана чыктык милдет аткарат. Мурч, калемпир, пияз өңдүүлөр башка элдердин: татар, өзбек, тажик, уйгурлардын таасири аркылуу кыргыздарга келгени билинип турат. Элибиз сорпого башка даамдарды аралаштыра берген эмес.

Чыктардын түрлөрү
Айтылгандай эле - чык деп биздин эл мурда куйрук-боор, чучук, сары жүрмө, манты пало сыяктуу бышкан майлуу тамактарга аралаштырып берүү үчүн атайын жасалган сорпо.

Куйрук-боордун чыгы - нак шорпого ачуураак болгудай туз татытып, сарымсак, пияз, көк калемпир, лавр баригин кошуп, бир кайнатып алат да, корушун сүзүп салып, калемпир-мурч, ачык суу сээп, үстүнө куйрук-боорду туурайт.

Нарындын чыгы - Нарын үйүрмө жана беш бармак үчүн атайын чык даярдалат. Пиязды, сарымсакты, көк калемпирди майда туурап, үстүнө шорпо куюп, калемпир-мурч сээп, лавр жалбыранынан салып, думбалап, пиязын жетилгенче буу чыгарбай өзүнчө кайнатат. Кесме бышып, тууралган эт экөөнү аралаштыргандан кийин үстүнө даяр чыкты куюп дагы аралаштырат. Үйүрмө менен нарынга болсо эт тууралганда эле чык куюп аралаштырган оң.

Аксерке. Бул - жандыктын, тотон, жаш эттин сорпосуна белгилүү өлчөмдө кымыз катыктоо. Сапырылып, ыкчамыраак берилген аксерке кычкыл келет. Майлуу этти сиңирүүгө жардам берип, ичкенде карчыт чыгат. Айрым аймактарда муну "чагыр" дейт.

Аладөң. Бул - жандыктын, тотон, жаш эттин сорпосуна белгилүү өлчөмдө айран, сүзмө, курут катыктоо. Бул да майлуу тамакты сиңирүүгө көмөктөшөт. Көпчүлүк аймактарда аладөң менен аксеркени анча айырмалай билишпейт. Сорпого кымыз кошуп ичүү сырт жерлеринде гана бар.

Бозсерке. Бул - сорпого белгилүү өлчөмдө бозо кошуп сапырып, ыкчамыраак кылып берүү. Мында да ак серке, аладөң сымал кекиртекти кырып, өтө кычкыл келет да, желген этти тез сиңирүүгө жардам берет.

Карадөң. Бул — жылкынын жылуу сорпосуна белгилүү өлчөмдө муздак суу кошуп ичүү. Албетте, мурун ата-бабалардын доорунда эт жешке, байланышкан мындай даамдарды ичүү күн тартибинде туруучу. Кийин, минтип, аладөң кылып ичүү тыйпыл жоюлду десек болот.
Жайгаштыруу: 2017-08-30, Көрүүлөр: 1425, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу