Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чынгыз Айтматов

Баш барак | Биографиялар | Чынгыз Айтматов

Чыңгыз Айтматов, Төрөкулович (12-декабрь 1928-жыл, Шекер айылы, азыркы Талас облусу, Кара-Буура району, Кыргызстан, мурдагы Кыргыз АССРи, РСФСР, СССР — 10-июнь 2008-жыл, Нюрнберг, Германия) — кыргыз жазуучусу, дипломат.

Чыңгыз Айтматов
Чынгыз Айтматов
Айтматов Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучулары жана студенттери менен (1984-жыл). Сүрөт: КР Мамлекеттик архиви.
Төрөлгөн датасы12-декабрь, 1928-жыл
Төрөлгөн жериШекер айылы, азыркы Талас облусу, Кыргызстан, муруңку Кыргыз АССР, РСФСР, СССР
Каза болгон датасы10-июнь, 2008-жыл (79 жаш)
Каза болгон жериНюрнберг, Бавария, Германия
ЖарандыгыКыргызстан
Ишмердүүлүгүжазуучу, прозаик, сценарист, дипломат
Чыгармачылык жылдары1952 — 2006
Жанрроман, повесть
Чыгармаларынын тиликыргызча, орусча
Дебют«Газетчи Дзюйо» (1952-жыл)

Жалпы маалымат

Чынгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1948-жылы ал ветеринардык техникумду, 1953-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1956-1958-жылдары жогорку адабий курстарды (Москвада) аяктаган. Андан кийин журналист, «Литературный Киргизстан» журналында редактор болуп иштеген. СССРдин ири адабий басылмалары -«Новый мир» жана «Литературная газетанын» редколлегиясынын мүчөсү, «Иностранная литература» журналынын редактору болгон, чыгармачыл союздарга жетекчилик кылган, ал эми 90-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган. Ч. Айтматовдун чыгармаларынын жаралышына, анын бала чагынын Ата Мекендик согуш жылдарына туш болушу бирден бир себеп болгон.

9-жашында орустун кайсы бир жылкысы өлүп, айыл жашоочулары орус ветеринары менен сүйлөшө албай жатканда Айтматов орусчадан которуп берип, биринчи акысына устукан алган. Орус ветеринары «Бул жылкы эмне үчүн өлдү?» дегенде Чыңгыз: «Биздин жылкылар кайсы чөптү жеш керек, кайсынысын жебеш керек экенин билет, а бул жылкы билбеген чөптү жеп алса керек» деген экен. (Роза Айтматованын айтуусунда).

1952-жылдан баштап, анын «Ашым», «Газетчи Дзюйо», «Кайракта», «Сыпайчы», «Ак жаан», «Тунку сугат», «Асма көпүрө» аңгемелери жарык көрө баштаган. Ч. Айтматовго анын дүйнөнүн көптөгөн элдеринин тилдерине которулган «Жамийла» повести дүйнөлүк атак-данк алып келген. 1963-жылы «Тоолор жана талаалар баяны» жыйнагы үчүн Айтматов Ленин сыйлыгына татыктуу болгон.

Жазуучунун чыгармалары, анын 1960—1980-жылдардагы «Бетме-бет», «Кызыл жоолук жалжалым», «Бото көз», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым Гүлсары!», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повесттери, «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат», «Кассандра тамгасы», «Тоолор кулаганда» («Түбөлүк колукту») романдары маданий маанидеги дүйнөлүк окуяга айланып, Чыңгыз Айтматовду XX жүз жылдыктын акырындагы - XXI жуз жылдыктын башталышындагы залкар жазуучулардын бири, рухий турмушту эң татаал абалында чагылдырууга жөндөм-шыгы жеткен сүрөткер катары таанытты.

Чынгыз Айтматов кылымдар тогошкон азыркы доордун чыгармалары эң көп окулган жазуучулардын бири. Анын китептери 170тен ашык тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган (2018). Алар коомдо билим берүү, тарбиялоо процессинин ажырагыс бөлүгүнө айланып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мектептердин жана университеттердин программасына кирген.

Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча жаралган кинофильмдер жана спектаклдер көп улуттуу кинематографиянын жана театрдын тарыхында өзүнчө бир жаркын барак болгон: «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» - Стамбулдун, Софиянын, Улан-Батордун, Варшаванын, Бухаресттин, Праганын, Лондондун, Токионун, Москванын, Санкт-Петербургдун, Бишкектин жана дүйнөнүн башка көп өлкөлөрүндө көрсөтүлүп, сахналарында коюлуп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Дүйнөлүк көркөм сүрөт академиясынын, Европа илими, тарых жана адабият академиясынын, Германиянын көркөм өнөр академиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, башка академиялардын ардактуу мүчөсү, дүйнөнүн бир катар университеттеринин ардактуу доктору, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Ысык-Көл форумунун президенти, Рим клубунун мүчөсү, Ленин жана СССРдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын, Германиянын, Индиянын, Россиянын, АКШнын, Түркиянын, Франциянын, Япониянын, Эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, Ленин, Октябрь революциясы, Эл достугу, Эмгек Кызыл Туу, I даражадагы «Манас» орденинин, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын ээси.

Ч. Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, гуманисттик салттарды сактоо, коомдун адеп-ахлактык түркүктөрүн коргоого, саясий системаларды интеграциялоого баа жеткис салым кошкон. Чынгыз Айтматов диабет оорусу менен ооруп жүрүп 2008-жылдын 10-июнунда 79 жаш (80 жылдыгына 5 ай калганда) курагында дүйнөдөн кайткан.

Кыргызстанда 2008-жыл — «Чынгыз Айтматов жылы» деп жарыяланган.

Үй-бүлөөсү

Сыйлыктары

Кыргызстан, СССР жана Россия Федерациясынын сыйлыктары

Башка өлкөлөрдүн сыйлыктары

Башка сыйлыктар

Мурас

Чыгармалар, дилбаяндар

Кино

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде көптөгөн көркөм фильмдер тартылган. Айтматов болсо, бир нече жолу сценарист же соавтор ролунда болгон.

Театр

Түбөлүктөө

Документалдык фильмдер жана телеберүүлөр

Ырлар, учкул сөздөр

Чынгыз эле чыгаан уулу кыргыздын.
(Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына)
Чыгарманын пайдубалын тургузуп,
Бүт дүйнөгө тааныттыңыз кыргызды.
Кыйын кездин каармандарын жараткан,
Кимдер билбейт, кыргыз уулу Чынгызды.

Жылдыз өчпөйт, Чынгыз өлбөйт дегендей,
Ай-ааламга жарык нурун таратты.
Аттиң дүйнө! Торколуу той берерде,
Гүлсаратты чапкан бойдон баратты.

Тулпар барат каректери жаркырап,
Туяктары таш үстүндө жанчылат.
Чындыгында чыгаан уулун жоготуп,
Кыргыз калды, ысык жашы тамчылап.

Кылымдарда бир жаралган кыргызга,
Окшоштурам Сизди Чолпон жылдызга.
Чыгаар бекен эми Сиздей чыгаандар,
Талантына таазим кылам Чынгызга!
(Автор: Акишова Б. К.)

Учкул сөздөрү

Белгилүү адамдар Айтматов жөнүндө

Биздин Мекен таланттарга кандай гана бай!
Болгондо да зор, дүйнөлүк масштабдагы таланттарга бай...
Алардын бири — Кыргызстандын уулу Чыңгыз Айтматов.
(Михаил Шолохов)

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 253325, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо