Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Чыңгыз Айтматов Саманчынын жолу

Ч. Айтматовдун Ата Мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири "Саманчынын жолу" повести. Бул повестте бүтүндөй бир Субанкулдун үй-бүлөсү апасы Толгонайдан башкасы согушта эли жерин коргошуп курман болушат. Ал эми Толгонай тылда өз эмгеги, көтөрүмдүүлүгү, күчтүүлүгү, адилеттүүлүгү менен согушту жеңүүгө жардамын берет. Бул чыгарманын башкы каарманы Толшнай. Анын тагдыры абдан оор. Ал бир учурда эле эне, аял, жетекчи. Ал майданга күйөөсүн, балдарын узатты, бирок бири да кайтып келишпеди. Күйөөсү Субанкул, балдары Касым, Майсалбек, Жайнак, гүл сүйгөн келини Алимандан айрылды. Жазуучу бул чыгармасы менен адамдын улуулугун, залкарлыгын, бийиктигин биринчи планга алып чыккан. Апа баланы кыйналып жарыкчылыкка алып келет, эне үчүн ар бир бала өтө кымбат. Бирок эне баланы эл үчүн төрөйт, Ата Мекенинин керегине жараган адам болсун деп тарбиялайт. Адам жана жер. Киндик кан тамган жер адам үчүн эң ыйык. Жер-Эне менен Толгонайдын диалогу бекеринен эмес. Жер-Эненин образы шарттуу экенине карабастан, андагы сүрөттөлүп жаткан турмуш окуялар, ал окуяга катышкан адамдар, алардын оор тагдырлары ушунчалык далилдүү, ишенимдүү. Тагдыр Толгонайдын эң акыркы үмүтү болгон гүл сүйгөн келини Алимандан ажыратып, ал бир үйдө жалгыз калды. Толгонай жашагысы келбей, баарын кечип кеткиси келди, бирок дүйнөгө жаңы адам келди, ал кичинекей наристе өмүрдүн бар экенин, жашоонун уланып жатканын билдирип, турмуш менен күрөнгүүгө үндөдү. Жер-Эне менен болгон сырдашууда Толгонай өз башынын кайгы-капасын гана айтпастан, бүт адамзаттын атынан сүйлөйт. "Саманчынын жолу" адамзаттын жолу деп адабиятчылар бекеринен айтышпаса керек.

Саманчынын жолу (Повесттен үзүндү)

- Амансынбы, куттуу талаам?

- Аманчылык, Толгонай! Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.

- Өмүр өтүп жатпайбы, арадан дагы бир жыл өттү. Бүгүн менин сыйынчу күнүм.

- Билем, күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу баланы да ээрчите келмек эмес белең?

- Ооба. Бирок бул сапар да жалгыз келдим.

- Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.

- Жок, айталбадым.

- Айтор, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да. Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби?

- Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. Аркы-теркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн дале чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүнө албай, ичи сууп калабы деп аярлайм. Анткени менен адам чындыкты бир күнү билиши керек да. Мен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз гана ал билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойго кабылып, кептин аныгына жете алар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үнгүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар экенмин? Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана. Кийинки күндөрдө ойлогонум эле ушул. Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок көзүм жумулуп айтар керээзимди айтып жетише албай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү. Ал эси жок аны кайдан билсин, демейде тентек чалыш неме мектепке да барбай калып, жанымдан чыкпай жүрдү. Апасын тарткан күйөрман: "Эне, кай жерин ооруйт? Суу ичесиңби, же дарындан берейинби, эне? Үстүндү жылуулап коёюнбу?" деп эле турат. Ушинткенде оозум барбады, кудуретим жетпеди. Байкушум эч кандай арамзасы жок, жеткен бир ишенчээк, дагы эле наристе бойдон. Эчтекеден күмөн санап койбойт. Анан мен кантип айтмак элем. Ушуну менен эле сөздүн учугун табалбай алекмин. Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм, жөн эле айтып берчү жомок эмес экен да. Айланып келип бир пикирге такалам: болгон чындыкты бала туура түшүнүш үчүн мен ага жалгыз гана анын тагдыры эмес, бүт заманымдын тарыхын, өткөн-кеткендер жөнүндө, өзүм жөнүндө, баарына күбө болгон, касиеттүү талаам, сен жөнүндө, өзүм жөнүндө, ал түгүл ушул кезде эчтекеден бейкапар минип ойноп жүргөн велосипеди жөнүндө айтып беришим керек. Балким, мына ошондо гана туура болор, турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып салган турбайбы, эчтекесин жашырып, эчтекесин кошумчалай албаймын. Ал эми бала эмес, кексе киши да бул ишти ар кандай түшүнөр. Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык парзымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле...

- Айткандарың туура, Толгонай. Отурчу бери, ташка, бутуң оорулуу эмеспи, бир акылын табарбыз. Алгачкы жолу ушунда келгенин эсиңцеби, Толгонай?

- Андан бери нечен заман өтпөдүбү, эстей албасмын.

- Жок, сен ошону эстеп көрчү, Толгонай!

- Эсимде жакшы калбаптыр. Кичинемде, орок маалында ата-энем мени чөмөлөнүн түбүнө олтургузуп коюшчу.

- Ооба, колуна бир сындырым нан берип коюшчу.

- Кийин, чоңоё түшкөнүмдө, эл жайлоого көчкөндө, ушул арада эгин коруп чуркап жүрчү элем. Анда мен тызылдап жүгүргөн, саксайган сары кыз эмес белем...

- Ырас, Толгонай, жыңайлак, жылаңбаш жатакчынын кызы элең. Бирок шайыларды кийбесең да, бой жеткенде кандай сонун кыз болдуң. Сен анда көлөкөңдү каранып басчусуң. Өзгөчө эртең мененки көлөкөң так өзүндөй сымбаттуу эле.

- Анда мен он жетидеги курагым. Ошол жылы орок тартып жүрүп, Субанкулга жолукпадымбы. Субанкул Таластын жогору жагынан жалданып келбеди беле. Азыр көзүмдү жумсам, Субанкулдун ошондогусу элестелет. Жапжаш, он тогуз жыйырмалардагы жигит. Өзү ичке көрүнгөнү менен колдору тарамыштуу, сом темирдей салмактуу эле. Жылаңач этине кийген тар күрмөнү дайыма желбегей жамынып жүрчү. Жанаша жерден шарт-шарт орок тартып жүрсө, адамдын жүрөгү кубанат ар кандай ишти сулуу иштеген азаматтар болот эмеспи. Субанкул ошондой болчу.

- Силер дайым элдин алды болуп келчү элеңер жумушка.

- Чын. Эл тура электе, таң ирең-бараңда Субанкул экөөбүз ээрчишип келчүбүз. Ал мени бери жактан тосуп, күтүп турчу. Ошол күндөр, ошол тамылжыган таң атуулар биздин сүйүү күндөрүбүз экен. Биз ээрчишип келе жатканда, дүйнө башкача көрүнүп, башкача сезиле турган. Эл-журтка нан берген, айланайын дыйкан талаам, бозоруп саргарып жатсаң да, албырган таң эртелерин деңиздей төгүлүп, кучагын жая сенчелик эргип, сенчелик жоомарттанып ким тосуп алат! Ошол таң эртелерин сага орток болуп биз тосчубуз, торгой тосчу. Көркү жупуну боз чымчык көкөлөгөн бийиктикте тыным албай канат кагып, дырпырап, томуктай болсо да, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп, безеленип сайрай турган. "Ана, биздин торгой сайрады!" деп коёр эле Субанкул. Кызык, торгойду да биздики деп алган экенбиз. Көмөкөйүңдөн айланайын торгоюм...

- Ырас, Толгонай, ошол торгой силердики болучу.

- Эсиңдеби, жер, баягы айлуу түн? Балким, жаратылышта экинчи андай түн болбос. Ай жарыгында орок тартабыз деп Субанкул экөөбүз калып калбадык беле. Тээ карайган борчуктан канаттай болуп ай чыкканда, жылдыздар дагы асман бербей жабыла көз жарышты. Ошондо биз Субанкулдун таар күрмөсүн төшөнүп, арыктын кашатын жазданып жатканбыз. Ошол түнү биз өмүрлүккө шериктеш жар болуп кошулдук. Субанкулдун чоюндай колу көкүлүмдү сылап, мандайымды, бетимди эркелете сылаганда, кан жүгүрткөн туйлаган жүрөгү алаканынан сезилип жатты. Мен ага эркелеп: "Субан, кандай дейсиң, биз бактылуу болобуз, ээ?" десем, эсиңдеби баягы айткан сөздөрү. "Жер, суу элге тең болсо, биздин да айдоо жерибиз болсо, биз дагы эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастырсак бак-таалай ошол. Андан артыктын бизге кереги эмне, Токон: Дыйкандын энчиси сепкен эгининде" дебеби беле. Үлпүлдөгөн түнкү шоокумда салкын тартып, жер, сен дагы ошондо биз менен кошулуп жыргап жаттың... Ошол түндү жаратылыш атайылап бизге арнады бекен? Түн ортосунда тээ жылдыздуу төбөсүн карасам, саманчынын жолу ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан кези экен. Субанкулдун айткандары эсиме түпгүп, кыялымда асмандын ошол күмүш жолу менен кандайдыр бир зор дыйкан кере кучак саман көтөрүп өткөн экен го, анын мол кучагынан себеленип түшкөндөн, топон береке төгүп, из чубатып кеткен турбайбы. Тилегибизге жетсек, менин да Субанкулум ушундай саман көтөргөн дыйкан болсо, кырмандын бетинен биринчи иргеп алган саманды кучактап басканда, так ушундай береке төгүлгөн жол чубалып калса деп ойлонуп жаттым. Жер-Энем, биринчи жолу сага ошондо кайрылдым. Эсиңдеби менин айткандарым?

- Эсимде, Толгонай. Сен ошондо мага кайрылып, мындай дегенсиң: "Жер, жан жараткан жер, бизди көтөрүп жаткан, жер, сен бизге таалай бербесең эмнеге жер болуп орнойсуң да, биз эмнеге дүйнөгө жаралабыз! Биз сенин балдарыңбыз, жер, тилектеш болгун, ак тилегибизге жеткиргин!" деп айткансың, Толгонай... Экинчи бөлүмдө Субанкул менен Толгонайдын бактылуу күндөрү, Касым, Майсалбек, Жайнак деген үч уулу жигит болуп жетилгени, Алиман аттуу кыз алардын үй-бүлөсүн толуктаганы, согуш башталганы, жигиттер майданга жөнөгөнү жөнүндө сөз болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)