Циандуу калий

Циандуу калий, калий цианиди, КСN, цианид к-тасынын HCN тузу, нымды өзүнө өтө тез тартып алуучу, түссүз кристалл. Балкып эрүү t 634, 5 0С . Сууда жакшы эрийт (25 0С 100 г. сууда 71,6 г) оңой гидролизденет. Калий цианиди комплекс иондорду түзүүгө өтө жөндөмдүү. Мисалы, К3 Fe (CN) 6.

СаCN+C+2KCl=2KCN+CaCl2

теңдемеси боюнча балкытып эритүү жана башка ыкмалар менен алынат. Калий цианиди синил к-тасы сыяктуу өтө уулуу. Анын буусунун бир аз эле өлчөмү дем алуу органына жетсе, адам эсин жоготуп, дем алуусу токтойт. Ал орг. синтезде нитрилдер алууда катализатор катары колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)