Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Цитата деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Цитата деген эмне

"Цитата деген эмне", аны кантип колдонобуз жана колдонууда кандай белгилер менен ажыратабыз? Мунун баарын үйрөнүп алсак ашык болбос, өзгөчө журналист болом дегендерге абдан керектүү нерсе.

Цитата — бул башка бирөөнүн сөзүн эч өзгөртпөй сөзмө-сөз колдонуу. Башкача айтканда, тике сөздү колдонуунун бир түрү.

Цитата баяндалып жаткан ой-пикирди ырастоо, бекемдөө максатында колдонулат. Анын тыныш белгилери тике сөздүкүндөй эле, бирок кээ бир айырмачылыктар бар.

"Цитата деген эмне" - деп биздин макалабыздын аталышы да цитата катары жазып койдук, ушинтип да жазса болот экен.

Мисалы, цитата түзүлүшү жагынан төл сөз менен байланышып, анын бир бөлүгү катары колдонулушу мүмкүн. Мындай учурда цитата тырмакчага алынып, кичине тамга менен жазылат (башка белгилер коюлбайт).

Мисалы, Эне тилсиз улуттун болушу мумкүн эмес, ошондуктан "элди түбөлүк эл кылып турган анын тили" боло тургандыгын Ч. Айтматов таасын көрсөткөн..

Эгерде цитата толук колдонулбаса, анда калтырылып кеткен сөздүн же сүйлөмдүн орду көп чекит менен көрсөтүлөт: "...Тил менен эмгек эмнени гана жаратпайт. Египеттик улуу пирамидалардан тартып 20-кылымдын таң каларлык жетишкендиктери - тил менен эмгектин натыйжасы", - деп жазат улуу акыныбыз А. Токомбаев.

Эми Силер "цитата деген эмне" экенин билесинер, бул макаланы досторунар менен бөлүшүп койгула. Пикирлер болсо тартынбагыла.

Жайгаштыруу: 2017-11-16, Көрүүлөр: 20980, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-11-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо