Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Даек

Даек – салт боюнча бир же бир нече кишиге (байге, мөрөй, шыбага, энчи, олжо, чачыла, белек, кийит, мүчө, жыртыш, табарик ж. б.) кылдат калыстыкта бөлүнүүчү же таркатылуучу байлыктын (мүлк, дүнүйө, мал, буюм, кооздук, кийим, кездеме, акча ж. б-дын) жалпылаштырган аты. Мис., куданын алдына барганда ар түрдүү (аркан тосмой, көрүн-дүк, жылкычылык, жеңкетай, сүт акы, жүк көрүү, чылбыр тартар, кемпир өлдү ж. б.) салттарга жана ырымдарга таянып берилүүчү бардык чыгым (мал, мүлк, акча, кийим, кездеме, кийит ж. б.), ата-эне карыганда балдарына энчи бөлүштүрүүгө ыйгарылган нерселердин баары (жери, малы, үйлөрү, эмеректери, дүнүйөсү, байлыгы) жалпысынан даек делет. Жоокерчиликте колго түшкөн бөлүштүрүлүүчү олжолор да даек деп аталат. Аны ошол жортуулга катышкандарга калыс даекчи бөлүштүрөт.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)