Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дары өсүмдөктөр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дары өсүмдөктөр

Бардык жандуулар: адам да, жаныбарлар да ооруп калышы ыктымал. Бирок жапайы жырткычка ким рецепт жазып берет? Жырткыч өзүнө дары болуучу өсүмдүктү издеп таап, токой даарыканасынан өзү эле дарыланат. Байыркы замандан эле Түштүк Американын индейлери оорулуу пумалар кайсы бир дарактын кабыгын кемирерин байкашат. Алар саз калтыратмасынан (безгегинен) азап чеккен адамдарды ушул кабыктын маңызы менен дарылап көрүшөт. Пума дарысы аларга жардам берет. Ошентип хинин дарагынын (Түштүк Американы басып алган испандар ал даракты ушундайча аташкан) дарылык сыры ачылган. Дарактын кабыгынан жасалган хинин дарысы безгекти айыктырары бүт дүйнөгө белгилүү болот. Биздин заманда илимпоздорго жаны дары өсүмдүктү - бугу тамырды (левзеяны) табууга бугу-маралдар жардамдашты. Күзүндө бугулар өз ара сүзүшүүгө камынышып, анын тамырын кемиришет.

Бугу тамыры адамга да кубат берери аныкталды. Бирок адам ар дайыма эле жаныбарларды гана аңдып жүрбөстөн дары өсүмдүктөрдү өзү да издейт. Аларды мындан миңдеген жылдар мурда эле изилдеп табууга далалаттанышкан. Байыркы Египетте бардык адамдар - оорулуулар да, соолор да ар бир айдын үчүнчү күнү кене дан майын (ич алдыруучу дары катары) ичүүгө тийиш болгон. Байыркы Грециянын бир шаарына уйкусу качкан адамдар келишкен. Алар жергиликтүү эл апийим ширесинен даярдаган суусундукту ичишсе эле уктап кетишкен. Эртеси алар дыйканчылык храмына барып, аларга уйку берип, жанын жай алдыруучу гүл тартуулаган кудайга жалынышкан. Кээде адамдар дары өсүмдүктөрдүн таасирин эң оболу өзүнө сынап көрүп табышкан. Бакажалбырак өйкөлгөн бутту тез айыктырса, чалкандын жалбырагы чагып алган.

Лимонниктин мөмөсүнөн бир ууч жеп алган мергенчи күнү бою чарчабай аң уулаган, ал эми меңдубананын уругу адамды сенейтип, эс-акылынан ажыраткан. Уламыш боюнча уулуу дары өсүмдүк - белладонна Шотландиядагы бир кыштактын элин душмандан куткарыптыр. Кыштакты Дания аскерлери басып алат. Алар жеңиштин урматына пиво ичишип, ошол замат эле жеңүүчүдөн туткундарга айланышыптыр. Анткени шотландар пивого кошуп койгон белладоннанын маңызы Дания аскерлерин шал кылып таштаган экен. Байыркы заманда өсүмдүктөрдүн мындай касиеттери билимдин мүчүлүштүгүнөн сыйкырлуудай сезилген. Алар катылган кенчти көрсөтүп берүүчү, адамды кем акыл кылып же аларды бири-бирине ашык болууга мажбурлоочу чөптөр бар деп ишенишкен. Мээр чөп (женьшень) менен мандрагоранын адам түспөлдүү тамырлары жөнүндө ар түрдүү уламыштар бар. Алсырап, дарманы кеткен адамга мээр чөптүн тамырынын кубат бериши керемет катары көрүнгөн. Илимдин өсүшү менен бул же тигил өсүмдүктүн эмнеликтен дары болору аныкталып, фантастикалык ой жоруулар жокко чыгарылды.

Көптөгөн дарылык касиети бар өсүмдүктөр медицинада пайдаланылып, адамдарга кызмат кылууда. Илимдин жетишкендиктерин пайдаланып, ал өсүмдүктүн химиялык составын толук изилдөөгө мүмкүндүк алды. Натыйжада жаңы ачылыштар жасалды. Мурда мончо көк кебери аталган козу карындан азыр пенициллин даярдалат. Айрым дары өсүмдүктөр, мисалы, айдама жалбыз плантацияда өстүрүлөт. Жалбыздын майы - ментол тиш тазалоочу пастага жагымдуу жыпар жана даам берет. Ментол жүрөк ооруганда берилүүчү сеп алдыруучу валидол сыяктуу дарыларга, космонавттардын тамак рационуна кирүүчү пряниктер менен момпосуйларга жана башкаларга кошулат. Токойдо өсүүчү ландыштан жүрөк оорусуна дары даярдалат, ал эми токойдун четтеринде жана шалбааларда өсүүчү мышык тамыр өсүмдүгүнөн сеп алдыруучу валериана дарысы жасалат.

Шалбаада кадам сайын дары өсүмдүк жолугат. Мында 95 ооруга дары экендиги эл арасында айтылып жүргөн чай чөп, ошондой эле уй шилекей, каз таңдай, карындыз өсөт. Адамга пайдалуу дары чөптөрдү силер да жыйнасаңар болот. Дары өсүмдүктөрдү күн ачыкта, шүүдүрүм кургагандан кийин жыйноо керек. Бирок уу өсүмдүктөр көп экендигин эске тутуу зарыл. Ошондуктан аларды оозго салууга, жыйнап жүргөндө кол менен көздү ушалоого болбойт.

Өсүмдүктү жыйнап бүткөндөн кийин колду абдан таза жууш керек. Булганыч жана илдеттүү өсүмдүктөрдү чогултууга болбойт. Дарыканаларга кайрылсанар, кайсы чөптү качан жана кандай жыйноо керектигин толук айтып беришет. Дары өсүмдүктөрдүн баарын калтырбай таза жыйнап алууга болбойт, себеби анын тукуму азайып, ал тургай таптакыр жок болуп кетүүсү да мүмкүн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7726, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу