Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дарыя

Дарыя — жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардан куралып, табигый нук боюнча аккан суу агымы. Дарыяны кургактык гидрологиясынын бир тармагы — дарыя гидрологиясы изилдейт.

Узундугу, жазылыгы, алабынын аянты, тереңдиги, агымды бойлото эңкейиштеги, деңгээли, агымынын ылдамдыгы, суу чыгымы, шилендилери, суусунун химиялык курамы жана башка менен мүнөздөлөт.

Мындай гидрологиялык элементтердин өзгөрүшү — дарыя режими деп аталат. Режими жана өрөөнүнүн түзүлүшү боюнча тоолуу жана түздүк дарыяга бөлүнөт. Дарыянын эң алгачкы куралган жери — башаты, көл, деңиз, океанга же башка дарыяга куйган жери — чаты деп аталат. Орто Азиянын көп дарыялары сугатка пайдаланылып, төмөнкү агымы тармактанган сугат каналдарына бөлүнөт.

Дарыянын көпчүлүгү булактан башталат. Булак өзөнгө куюп, алардан дарыя куралат. Дарыяга жер астындагы суулар жана жаан-чачындын суулары да кошулат. Булактан башталбаган дарыялар да бар. Мисалы, Бия дарыясы Алтайдагы Алтын көлдөн 400 м жазылыкта таштан ташка урунуп чыгат. Анын башаты чатындай жазы жана агымы күчтүү. Чаты жок дарыялар да кездешет.

Кыргызстанда ири деп саналган Нарын, Чүй дарыялары бар. Климат жана башка физикалык географиялык өзгөчөлүктөргө жараша дарыя суунун куралышы 4 типке бөлүнөт: жамгыр, кар, мөңгү сууларынан, жер астындагы суудан. Көп учурда дарыя суусу бир эле мезгилде кар, мөңгү сууларынан куралат. Бул учурда алардын бирөө (кар же мөңгү суусу) басымдуулук кылат (мисалы, Нарын — кар-мөңгү сууларынан, Чоң Кемин — мөңгү-кар сууларынан жана башка).

Мисалы, Түркмөнстандагы Мургаб, Тежен дарыяларынын суусу сугатка пайдалангандыктан алар эч кайда куйбайт. Суусу мол, чоң дарыялар, мисалы, Россиядагы Волга, Африкадагы Нил, Америкадагы Миссисипинин суулары деңизге көптөгөн чөгүндү, кумду агызып келет. Дарыя чаттарында, ойдуңунда дарыянын агымы жайлап, чөгүндү кум тунат. Ошентип чөгүндүлүү же кумдуу аралдар пайда болот. Дарыя агымы көптөгөн айрыктарга бөлүнүп салааланып агат. Ал дарыя дельтасы делет. Миссисипинин дельтасында жайгашкан Жаңы Орлеан шаары дарыя нугунан төмөн турат.

Анткени, дарыя шилендилеринен Миссисипинин нугу көтөрүлүп кеткен. Дарыя — жээктеп, нук боюнча агат. Кар же мөңгү эрип, суу киргенде жээктен ашып, жайылманы пайда кылат, башкача айтканда дарыянын негизги нугун бойлото жайгашкан түзөңдү каптайт. Адатта ал жерге көк жашыл болуп көйкөлгөн шалбаа өсөт. Мындай шалбаанын чөбү малга мыкты тоют. Түздүктөгү дарыя бир калыпта мелмилдеп жай агат. Анын агымы чукул бурулушта жана сайроондордо гана тездейт. Бирок бул дарыялар да кээде суу киргенде өз нугун өзгөртөт, натыйжада эски нук пайда болот.

Эски нук — дарыянын мурунку агын жолу, бул жерге көп өтпөй камыш, чөмүч баш сыяктуу өсүмдүктөр өсүп чыгат. Көл жана саз ушундай жаралат. Too дарыялары таштан ташка урунуп тез агып, асканы аралай терең нук салат, шаркыратманы жаратат. Нөшөрдө кар менен мөңгү кызуу эрий баштаганда, алар миллиондогон тонна ылай менен таштарды агызат, кээде жээгинен ашып-ташып сел жүрүп, жолундагылардын бардыгын алып кетет.

Байыртадан бери эле дарыя калкты суу менен камсыз кылып, жол, катнаш катары кызмат аткарып келет. Эң байыркы Киев, Владимир, Новгород, Псков, Москва жана башка шаарлар дарыя боюна курулган. Дарыялар мамлекеттик чек ара, душмандан коргоочу чеп да болуп кызмат кылган. Адамдардын жашоо-турмушунда азыр дарыялардын мааниси зор. Шаар менен кыштакка, фабрика менен заводго дарыя суусу өтө зарыл. Дарыяга биз гидроэлектр станцияларды курабыз, алар арзан электр энергиясын берет. Дарыяда жүргүнчү жана жүк ташуучу кемелер жүрөт, карагай агызылып, ташылат.

Кандайдыр бир убакыттын (он күн, ай, мезгил, жыл, бир нече жыл) ичинде дарыяда агып өткөн суунун өлчөмү дарыядагы суунун ошол мезгилдин көп жылдык орточо маанисине салыштырмалуу көп же аз экендигин мүнөздөйт. Эл чарбасында дарыянын мааниси өтө чоң жана ар түрдүү. Дарыя — ичилүүчү жана өнөр жайлык суу булагы, ал суу сактагычты толтурууга, ГЭСке, сугат системасына, суу транспортуна, балык чарбасында жана башкага пайдаланылат.

Дарыялар кургакчыл жерлерди сугаруу үчүн да керектелет. Дарыялар — адам баласынын зор байлыгы. Аларды нефть, өнөр жай жана тиричилик таштандылары менен булгануудан сактоо зарыл. Дарыя суусу азайбас үчүн анын жээктериндеги жана салааларындагы дарак, бадалдарды кыйбоо керек. Кыргызстанда тоо дарыялары жана өзөндөрү көп. Бирок кеме жүрүүгө ылайыктуу өтө чоң, жай аккан дарыялары жок. Too өзөндөрүнүн эң ирилери Нарын, Чүй, Сарыжаз, Талас, Кызылсуу ж. б. Биздеги эң чоң дарыя Нарын. Ал Сырдарыянын оң куймасын түзүп, чоң Кичи Нарын дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Нарындын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 807 км (КР аймагында 535 км), суу чогултуу аймагы республиканын аянтынын 27 пайызын түзөт. Чүй (узундугу 1186 км, КР аймагында 221 км), Талас (узундугу 661 км, КР аймагында 102 км) ж. б. тоо өзөндөрү да суулардын куймасынан түзүлөт. Кыргызстандын суулары эл чарбасында маанилүү орунду ээлеп, сугатка кеңири пайдаланылат: агымдын 16% республиканын сугат иштерине пайдаланылат.

Республиканын суу чарбасынын негизги компоненти — суу энергетикасы. Бул боюнча Нарын дарыясынын потенциалдык запасы өтө зор. Азыр анда Токтогул, Үчкоргон, Күрп-сай, Атбашы гидроэлектр станциялары иштеп жатат. Мында дагы бир нече ири гидроэлектр станциялары курулмакчы.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 12363, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-06-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо