Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дем алуу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дем алуу

Оозду жаап, мурунду кыпчып, дем алууну токтотуп көрчү. Бир нече секундадан кийин дем кыстыгып, терең дем алууга аргасыз болосуң. Таза абасыз биздин организмдин бардык клеткалары тумчугуп кетет. Секунд сайын алар абанын составындагы кычкылтек менен камсыз болушу зарыл. Ал органдардын тирүүлүгүн жана андагы зат алмашуунун бардык маанилүү процесстерин жөнгө салат. Организм тамак-аштан жашоо үчүн зарыл болгон энергияны кычкылтексиз ала албайт. Адам кандайдыр бир иш аткаруу үчүн канча энергия сарптаса, аны калыбына келтирүү үчүн ошончо кычкылтек талап кылынат.

Ошол себептүү биз чуркаганда, секиргенде, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаганда алда канча терең жана тез-тез дем алабыз. Биз дем алганда аба алгач көмөкөйгө келип, андан кекиртекке өтөт. Ал абдан чебер жайгашкан: биз бир нерсе жутканда тамак-аштын күкүмү кокусунан өпкөгө кирип кетпес үчүн кекиртек кичинекей жапкыч калканчы менен тосулуп калат. Ал эми дем алганда жапкыч ачылып, аба түптүз өпкөгө өтөт. Кекиртек эки жоон түтүккө - бронхаларга тармакталып кетет да, анан оң жана сол өпкөгө тарайт.

Өпкө эсепсиз көп майда баштыкчалардан - альвеолалардан турат. Өпкө эки чоң губкага окшошуп кетет. Альвеолалардын капталдары көзгө илешпеген кан тамырлар менен жыш торчолонуп капталган. Анын ар бири адамдын чачынан 50 эсе ичкелик кылат. Дем алганда өпкө кеңейип, альвеолаларга таза аба толот. Андагы кан тамырлар менен келген кан кычкылтекти өзүнө сиңирип алып, аны бардык организмдин клеткаларына жеткирет. Ал эми канга чогулган зыяндуу көмүр кычкыл газ кан алмашуу процессинде альвеолаларга келет, аны демибиз менен сыртка чыгарабыз. Чоң кишинин өпкөсүндө 700 миллиондон ашык альвеола болот.

Эгер алардын кабыкчаларын бири-бирине улап жайса, 100 чарчы метр жерди ээлеген плёнка пайда болор эле. Адамдын бир суткада өпкөсү аркылуу 500 литрдей аба өткөрүп дем алууга кетирген энергиясы үйдүн экинчи кабатына бир тонна сууну сордуруп чыгарууга тете. Адамдын мына ушундай кубаттуу дем алуу аппараты бар. Адамдар гана эмес, бардык жаныбарлар, өсүмдүктөр да өзгөчө жол менен дем алат. Мисалы, балыктар суудагы эриген абадан бакалоору менен, ал эми өсүмдүк жалбырагы менен дем алат. Бардык тирүү организмдин тиричилиги үчүн дем алуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2691, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо