Демаркация чеги

Демаркация чеги – 1) согуш ишинде – согушкан мамлекеттер тынчтык келишим же макулдашуу жолу менен туруктуу чек ара коюуну чечкенге чейинки убактылуу элдешүү учурундагы алардын аскерлерин бөлүп туруучу чек, 2) жеңилген мамлекеттин аймагындагы басып алынган жерге салынган чек, 3) коңшу мамлекеттер талашкан аймакка убактылуу коюлган чек. Демаркация чеги согушкандардын ортосунда өзгөчө макулдашуу менен аныкталып, чектеш мамлекеттердин аралаш комиссиясы белгилейт. 4) медицинада – денедеги же организмдеги кабылдап кеткен жерди таза ткандан бөлүп турган, гранулдашкан ткань тилкеси.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)