Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Диксон

Диксон – Кара (Карск) деңизиндеги арал. Енисей булуңунда. Материктен 1,5 км обочо жайгашкан, Краснояр крайында. Аянты 25 км2дей. Бийиктиги 50 мге чейин. Гидрометеорологиялык станция 1916-жылдан иштейт, анын базасында 1930-жылдарда арктикалык радиометеорологиялык борбор жана геофизикалык обсерватория курулган. Аралдагы Диксон шаарчасы (теңи материкте жайгашкан) – Түндүк деңиз жолундагы маанилүү порттордун бири. Аэропорт бар. Орус поморлору 17-кылымдын башында ачкан. 1878-ж. саякатчы А. Норденшельд өзүнүн экспедициясын каражаттаган швед көпөсү Диксондун ысмынан атаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)