Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дивиденд

Баш барак | Экономикалык терминдер | Дивиденд

Дивиденд (латынча dividendum — бөлүштүрүүгө тийиштүү нерсе) — акциялар санына жана түрүнө (жөнөкөй, артыкчылыктанган, түптөөчүлүк жана башка), же ээлигинде турган үлүшүнө ылайык, акционерлер, катышуучулар табарынан бөлүштүрүлүүчү акционердик коомдун же башка чарбалык кылуучу субъектинин кирешесинин бөлүгү.

Дивиденддердин көлөмү жана аны төлөп берүү тартиби акционерлердин, катышуучулардын чогулушу же акционердик жана башка коомдун уставы тарабынан аныкталат. Дивиденддердин өлчөмү же көлөмү акционердик коомдун кирешелүүлүгүнөн көз каранды. Дивиденддерге салыкты төлөгөндөн, резеврдик капиталды толуктагандан, өндүрүмдү көбөйтүүгө жумшалган каражаттардан, топ-менеджерлерге сыйлыктарды төлөп бергенден кийин ж. б. калган кирешелердин бөлүгү да кирет. Аталма баасына алдын-ала пайызы бекитилген дивиденд, артыкчаланган акциялар боюнча дивиденддер болуп саналат. Акционердик капиталдын өсүүсү дивиденддердин жалпы суммасынын өсүүсүнө алып келет.

Дивиденддер жылына бир нече жолу төлөнүшү же такыр төлөнбөшү мүмкүн. Дивиденддерди төлөө реинвестицияга киргизилбеген же андан алынган капиталдаштырууну азайтып, топтоону талап кылат. Финансылык жылдын аягына чейин төлөнүүчү дивиденддер аралык же аладын-ала девиденддер аталат (англисче interim dividend). Финансылык жылдын аякташы менен финалдык дивиденддер төлөнөт (англисче final dividend).

Дивиденддер негизинен акча түрүндө төлөнөт. Мындай дивиденддер акчалай дивиденддер аталат (англисче cash dividend). Андан тышкары дивиденддер акциялар (англисче stock dividend) же акционердик коомдун башка мүлкү менен төлөнүшү мүмкүн. Көптөгөн финансылык агенттиктер жана сайттар дивиденддер төлөнүүчү акциялар, дивиденддердин өлчөмү, киреше, реестрлардын жабылуу датасы, эксдивиденддик датаны, төлөө мезгилин ж. б. жөнүндө маалыматтарды камтыган дивиденддер календарын түзүшөт. Мындай берилген маалыматтар потенциалдуу инвесторлор үчүн пайдалуу болушу мүмкүн жана келечектеги дивиденд төлөмдөрүн жоромолдоого жардам берет.

Дүйнөлүк финансы тарыхында дайыма дивиденддерди төлөп келген Голландиялык Ост-Инддик компания биринчи катталган (коомдук) компания болгон. Компания дээрлик 200 жылдык жашоосунда (1602—1800) акциялардын баасына жараша 18 % жылдык дивиденддерди төлөп турган.

Маанилүү даталар

Төмөнкү терминдер кыргыз мыйзамдарында белгиленбеши мүмкүн.

Дивиденддердин өлчөмүнүн азаюуусуна таасир этүүчү факторлор

Компаниялар төлөөгө мүмкүндүгү бар дивиденддерден азыраак өлчөмдө төлөшү мүмкүн, себептери кийинкидей:

Туруктуулукка умтулуу — киреше жана жеке капиталга болгон акча агымдары өссө дагы дивиденддерди жогорулатуудан баш тартуу (аглисче free cash flows to the equity, FCFE), бул компания тарабынан дивиденддердин жогорку деңгээлин кармап тура албастыгына күмөндүгү менен байланыштуу. Аналогиялуу түрдө кирешенин жана акча агымынын төмөндөшүндө дивиденддердин өлчөмү көбүнчө өзгөрүүсүз калат.

Инвестицияга муктаждыктар — өйдөдө айтылган FCFE-нин дивиденд түрүндөгү толук төлөмү кийинкиге калтырылып төлөнбөшү мүмкүн, анткени, компаниялар пландаштырылбаган инвестициялар же күтүлбөгөн муктаждыктарга акча каражаттарын калтырышы ыктымал.

Салыктар — дивиденддерге салык салуу коюму капиталдык кирешенин салык салуу коюмунан жогору болушу мүмкүн.

Көрүнүштөрдү (перспективаларды) көрсөтүү — дивиденддердин жогорулашы оң белги катары каралат, төмөндөшү — терс.

Менеджменттин кызыкчылыктары — кирешенин төмөндөө мезгилин басып өтүү үчүн дайыма кеңейүүгө умтулуу, акча корун түзүү зарылдыгы.

Жайгаштыруу: 2022-04-06, Көрүүлөр: 648, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-07-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо