Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Днестр

Днестр – Чыгыш Европадагы дарыя. Украина жана Молдованын аймагы менен (айрым бөлүгү эки республиканын чек арасы аркылуу) агат. Узундугу 1352 км, алабынын аянты 72,1 чарчы/чакырым. Кара деңиздин Днестр лиманына куят. Жогорку агымында – тоо дарыясы, Галич шаарынан ылдый агымы жайлап, төмөнкү агымы Кара деңиз бою ойдуңундагы жайык өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Стрый, Реут (оң), Сереет, Збруч (сол). Суусунун орточо чыгымы Бендеры шаары тушта 310 м3/сек. Жайында кирет. Айрым жылдарда тоңот. Днестрде Дубоссары ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Сугатка, сал агызууда (жогорку агымы) пайдаланылат. Сороки шаарынан Дубоссары ГЭСине чейин үзгүлтүсүз кеме каттайт. Боюнда Могилёв-Подольский (Украина), Сороки, Рыбница, Бендеры, Тирасполь (Молдова) шаары жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)