Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дөгдүров Мухамед

Баш барак | Биографиялар | Дөгдүров Мухамед

[1906, Каракол уезди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыркы Тоң району, Бүркүттүн ою айылы) -1968, Бишкек] - кыргыз журналисти, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабият сынын баштоочтордун бири. 1937-жылдан КПСС мүчөсү. 1924—26-жылы Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928—29-жылы Тверь шаарындагы жумушчу факультетинде окуган. 1955-жылы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Чыгармачылык иши 20-жылдары башталган. Д-дун 20-жылдардын 2-жарымында «Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабиятыбыз тууралуу» жана башкалар сын макалалары жарыяланган. Ал 30жылдардын 1-жарымында кыргыз поэзиясынын жүзүн көрсөткөн акындардын чыгармачылык изденүүлөрү жана табылгалары менен окуучуларды тааныштыруу максатында макалаларды жазган. 30-жылдардын аягында проза жанрынын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, романдарга (асыресе, «КеңСуу» романына) сын пикирлерди басма сөздө жарыялаган. 30-жылдары М. Горькийдин «Эне» романын, «Менин университеттерим» повестин которгон.

Бир нече публицистикалык жана очерктер жыйнагынын автору. 1932—34-жылы Кыргызмамбастын жана «Чабуул» журналынын редактору, Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы. 1934-жылдан «Кызыл Кыргызстан», гезитинде иштеген (бөлүм башчы, редактордун орун басары, жооптуу редактору). 1948—58-жылы Кыргызстан профессиялык союздар советинин төрагасы, 1961—68-жылы «Коммунист» журналына редактор. 1945—59-жылы Кыргызстан КП БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат жана анын мүчөсү. Д. үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 465, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу