Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Добул

Баш барак | Экология | Добул

Добул — аз убакта пайда болуп, кайрадан тез токтогон катуу жаан-чачын же аба ырайынын кубулушу; мөндүр, шамал, күндүн күркүрөшү, чагылган менен коштолугу мүмкүн. Көбүнчө жай мезгилинде байкалат.

Жайкы күн кээде адам чыдагыс үп болот. Булуттар түрмөктөлө чогулуп, капкара булутка айланат да көпкөк асман менен күндүн көзүн жаап калат. Бир азга дымыраган тынчтык өкүм сүрөт, капысынан уюлгуган куюн жүрүп, асмандан бирин-серин ири тамчылар жерге түшө баштайт. Андан соң жамгыр чакалап төккөндөй куюп, чагылган жарк этип, күн күркүрөйт да жайкы чагылгандуу жамгыр башталат. Асманда эмне болуп өттү? Добул эмнеден пайда болот? Жерден көтөрүлгөн суу буулары кыйла бийиктегенде өтө муздап, суу тамчыларына айланат. Тамчылар кошулуп, ири тамчы куралат.

Аларды абанын агымы өйдө-төмөн айдайт. Бийиктеген сайын аба муздай баштайт да суу музга айланат. Муз тамчылар менен аралашат, суу музга жабышып, ал да тоңот. Муз оор тартып, булуттун төмөнкү кабатына түшөт. Ал жер жылуураак болгондуктан эрий баштайт. Ошентип, атмосферадагы муз булутта кармалып тура албай төмөн түшөт, ал жерге жакындаганда эрип, жамгырга айланат. Кээде алар эригенге үлгүрбөй, жерге мөндүр боюнча түшөт. Ал эми булуттун ичиндеги тамчылар менен муз бүртүкчөлөрүнүн кыймылы басылбайт. Алар бири-бирине тынымсыз урунушуп, кагылыша берип, электр зарядына ээ болот.

Ошентип, булуттун жогорку бөлүгүндө оң, төмөнкү бөлүгүндө терс электр заряды пайда болуп, алардын ортосунан учкун чыгат. Чагылган! Чагылган көз ирмемде айланасындагы абаны ысытып, тез жайылып кетет да, жарылуу болуп өтөт. Бул күндүн күркүрөшү деп аталат. Добул сээлдеп, капкара булуттар тарай баштайт. Нөшөр жерди да, асманды да жууп тазартат. Кыргыздарда байыртадан бери эле жазгы добулду дамбыр таш деген атайын ырым-жырым жасап тосуп алышы бекеринен болбогон чыгар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1435, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу