Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дүйнө бөлүктөрү жана материктер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дүйнө бөлүктөрү жана материктер

Жерди бир нече миң чакырым бийиктиктен караган кишиге, анын көп бөлүгүн океандар менен деңиздер ээлеп жатканы көрүнөт.

Алар өз ара бири-бири менен тутумдаш болуп, бардыгы бириге бирдиктүү дүйнөлүк океанды түзөт. Ушул абдан зор суу мейкиндигинин аралыктарында кургак бөлүктөр жайгашкан. Алар материктер же континенттер деп аталат. Жер шарында алты материк бар. Анын эң чоңу - Евразия. Андан кийинки чоң аймакты ээлеген материк - Африка.

Ал Инди жана Атлантика океандары менен курчалып жатат. Эки материкти - Түндүк Америка менен Түштүк Американы ичке Панама мойногу жалгаштырып турат. Антарктида - бешинчи материк. Ал муз менен капталган. Антарктида - Жер шарындагы туруктуу жашоочулары жок бирден-бир материк. Бул материкте уюлдук станциялар курулган, анда көп өлкөлөрдүн илимпоздору илимий байкоолорду жүргүзүп турат. Эң кичинекей материк - Австралия. Ал түштүк жарым шарда жайгашкан. Материктердин өлчөмү менен көрүнүшү тынымсыз өзгөрүп турат, мындан жүздөгөн миллион жыл мурун Түштүк Америка, Африка, Азиянын бир бөлүгү менен Австралия биригип, бир материкти түзүшкөн.

Ал Гондвана деп аталган. Жер кыртышынын сынышынын жана жылышуусунун натыйжасында бул материк бир нече бөлүктөргө бөлүнүп кеткен. Азыркы материктер мына ушундайча пайда болгон. Азыркы кезде да материктердин акырындык менен жылышуусу байкалат. Мисалы, Евразия менен Түндүк Америка бири-биринен барган сайын алыстап бара жатат. Жер шарындагы кургактыктар байыртадан эле материктерге гана бөлүнбөстөн, дүйнө бөлүктөрүнө да бөлүнүшөт. Дүйнө бөлүктөрү да алтоо. Алар Европа, Азия, Африка, Америка, Австралия, Антарктида. Түштүк Америка менен Түндүк Америка материктери бир гана дүйнө бөлүгүн - Американы түзөт, ал эми Евразия материгинде эки дүйнө бөлүгү - Европа жана Азия бар. Алардын ортосундагы шарттуу чек ара катары эсептелген Урал тоолору, Эмба дарыясын бойлой Каспий деңизине чейин, Кума жана Маныч дарыяларын бойлой Дондун чатына чейин, андан ары Кара жана Жер Ортолук деңиздер аркылуу өтөт.

Дүйнө бөлүктөрүнүн аталышы кандайча пайда болгон? Аларга улам жаңы жерлерди ачышкан европалыктар ат койгон. Байыркы гректер эки гана дүйнө бөлүгүн: Европа менен Азияны гана ажыратып билишкен. Алар Грециянын батыш жагындагы аймакты Европа, чыгыш жагын Азия деп аташкан. Байыркы римдиктер Жер Ортолук деңиздин түштүк жээгин басып алгандан кийин үчүнчү дүйнө бөлүгү - Африка келип чыккан. 15-кылымдын аягы 16-кылымдын башында Христофор Колумбдун экспедициясы Американы ачкан.

17-кылымда голланд деңиз саякатчылары бешинчи дүйнө бөлүгүн - Терра Аустралис Инкогнитаны (Белгисиз Түштүк Жерин) ачышканда аны Австралия деп аташкан. 19-кылымдын башында орус моряктары Ф. Ф. Белинсгаузен менен М. П. Лазарев башчылык кылган кемелер Антарктиданын (Арктикага карама-каршы жаткан Жер) жээктерине алгач ирет жетишкен. Алтынчы дүйнө бөлүгү ушундайча ачылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 17691, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу