Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дүйнө элдери

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дүйнө элдери

Жер жүзүндө 5 миллиарддан ашуун адам жашайт. Алар ар түркүн элдерге бөлүнүшөт. Калкынын саны 100 миллиондон ашкан элдер да бар. Мисалы, ага кытай, орус, япон, бенгалдар кирет. Немец, француз, итальяндар ондогон миллионду түзөт. Өтө аз сандагы элдер да бар. Болжолу, алардын эң эле азы болгону 30дай эле киши, тоо үңкүрлөрүндө жашап, аңчылык кылышат жана жапайы өсүмдүктөрдү терип жешет. Алар өздөрүнөн башка адамдар бар экендигин жакында эле билишиптир. Дүйнө жүзүндө көп жана аз калктуу 2 миңдей эл жашайт. Алардын тилдери ар башка, үрп-адаттары да ар түрдүү.

Алар бири-биринен сырткы көрүнүшү боюнча да айырмаланышат. Мисалы, япондордун чачтары кара жана кайраттуу, көздөрү жүлжүгүй келет, бенгалдардын бардыгы кара тору, ал эми Тропик Африка элдери кара тармал чачтуу болушат. Элдердин көпчүлүгү өз эне тилинде сүйлөшөт. Бирок орток тилде сүйлөгөн элдер да бар. Мисалы, англичандар менен америкалыктар англисче, немецтер, австриялыктар немецче, испандар менен Түштүк жана Борбордук Американын көпчүлүк элдери испанча сүйлөшөт. Бирок булар ар түрдүү элдер, алардын ар биринин өз тарыхы, жашоо салты, үрп-адаты бар. Бардык элдер биригип адамзатты түзөт. Элдердин арасындагы улуттук көп айырмачылыктарга карабастан, алардын бири-бирине окшош, жалпы жагдайлар да арбын. Мисалы, тынчтыкта бакубат турмушта жашоого умтулуу, келечек муун үчүн кам көрүү жана башкалар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1867, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу