Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дүйнөнүн жети керемети

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Дүйнөнүн жети керемети

Байыркы мезгилде дүйнөгө даңкы чыккан курулуштар менен статуялар ушундайча аталат. Адамдын акылы менен чебер колунан жаралган кереметтердин бири гана биздин заманга жетти. Ал байыркы Египет фараондорунун күмбөздөрү - пирамидалар. Египеттин борбору Каир шаарынан түштүктү көздөй ак жана саргыч түстүү, тик чокулуу жасалма тоолордун тизмеги жатат. Бул - пирамидалар. Алардын эң чоңу - фараон Хеопстун пирамидасы. Ал мындан 5 миң жылча мурда биздин заманга чейинки 28-кылымда курулган, бийиктиги 147 мдей.

Хефрендин пирамидасы андан 2 метрге гана жапыз. Бул фараонго тоодой күмбөз аз көрүнүп, анын жанына бүтүндөй аскадан чегилип жасалган таш күзөтчү коюуга буйрук берген. Бул күзөтчүнүн бети адамдыкы сыяктуу, ал эми тулкусу арстандын өзү. Ал Сфинкс деп аталат. Адамдай акылдуу, арстандай күчтүү Сфинкстин келбети ырымчыл адамдардын үрөйүн учурган. Ошондуктан ал жүрөк титиреткен шумдук катары кабыл алынган. Дүйнөнүн дагы бир керемети - Семирамиданын асма багы Байыркы Чыгыштын эң бай жана эң чоң шаары Вавилондо болгон.

Уламышта бул бакты Семирамида каныша отургуздурган делет. Чынында ал биздин заманга чейинки 6-кылымда Навуходоносор падышанын буйругу боюнча тигилген. Бул падыша алты кабат үйдүн бийиктигинде жасалма дөбө жасатып, анын үстүнө ак сарайын курдурган. Ак сарай турган аянтчага чейин жасалма дөбөнүн бети кыш тирөөчтөр менен алты секиче топурак төгүлүп, гүл бакчага айландырылган. Асма бакка Евфрат дарыясынан суу чыгаруу үчүн жүздөгөн кул күн-түн дебей тери челектүү зор дөңгөлөктөрдү айландырып турушкан. Гректердин аял кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес шаарында курулган храм дүйнөнүн үчүнчү керемети болуп эсептелген. Ал мрамордон салынган.

Анын курулушу 120 жылча созулуп, биздин заманга чейинки 550-жыл ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу менен атагы чыккан. Биздин заманга чейинки 356-жылы Герострат деген бирөө даңкка ээ болууну көксөп, храмды өрттөп жиберген. Анын ысмы ашынган жапайылыктын, курулай наадандыктын символу катары түбөлүккө калган. Олимпиядалык оюндардын мекени - Грециянын түштүгүндөгү Олимпия шаарында салынган храмда байыркы гректердин башкы кудайы Зевстин скульптурасы турган. Бул статуяны скульптор Фидий мындан 2 миң жылча мурун биздин заманга чейинки 5-кылымда жасаган. Ал - төртүнчү керемет.

Алтын, пил сөөгү, кымбат жыгачтан жасалып, асыл таштар менен кооздолгон тактыга олтургузулган Зевстин статуясы өтө зор, бийиктиги 14 метр болгон. Анын башына зайтун дарагынын бутактарынан жасалган алтын таажы кийгизилген, бул болсо каардуу кудайдын мээримдүүлүгүнүн белгиси болгон. Зевстин башы, ийиндери, колдору, көөдөнү пил сөөгүнөн чегилген, сакалы, чачы, сол ийнине арта салынган плащы алтындан куюлган. Фидий Зевсти адам сыяктуу мээримдүү, асылзаада кылып сүрөттөгөн. Анын тармал чачтуу, сакалдуу жүзүнөн катаалдыгы менен катар эле кайрымдуулугу да билинип турат, ал күлүмсүрөй тагынан өйдө туруп, кең ийиндерин күүшөчүдөй сезилет.

Кичи Азиядагы анча чоң эмес Карий падышалыгынын борбору Галикарнас шаарында (Түркиядагы азыркы Бодрум шаары) бешинчи керемет - Мавсол падышанын эң сонун күмбөзү болгон. Күмбөздү анын жесири Артемисия каныша биздин заманга чейинки 4-кылымдын ортосунда салдырган. Ал бири-бирине тектирленип кабатталган үч бөлүктөн турган. Биринчи кабатты ак мрамордон жасалган томпок сүрөттүү тасма курчаган, экинчи кабат түз мрамор колонналардан турган, ал эми үчүнчү кабатты пирамида формасындагы мрамор чатыр түзгөн. Чатырдын чокусунда төрт ат чегилген кош дөңгөлөктүү согуш арабасы орнотулган. Арабаны Мавсол менен Артемисия айдап баратканы сүрөттөлгөн (Мавсолдун, анын зайыбы Артемисиянын статуялары, күмбөздүн дагы башка кооздомолору азыр Лондондогу Британия музейинде сакталып турат). Мавзолей (күмбөз) деген сөз Мавсолдун атынан келип чыккан. Биздин заманга чейинки 3-кылымда Родос аралына Деметрий деген аскер башчы чабуул койгон. Бирок ал эркиндикти сүйгөн родостуктарды жеңе алган эмес.

Аралды коргоп калгандыгын белгилөө үчүн алар дүйнөдөгү эң чоң статуяны тургузууну чечишкен. Дүйнөнүн алтынчы керемети болгон бул статуя родостук Колосс (заңкайган чоң мамы) деп аталган. Шаардын капкасы менен деңиздин ортосундагы соода аянтына колодон жасалып, бийиктиги 36 м болгон күн кудайы Гелиостун статуясы орнотулган. Ал буттарын саал кере таштап, шаар коргогон каардуу сакчыдай алысты сүрдүү карап турат. Башында туш тарапка чачыраган нур сыяктанып жасалган таажысы бар. Бул - Родостуктар аны өздөрүнүн колдоочусу деп эсептешкен. Баарыбызга белгилүү фара деген сөз дүйнөнүн жетинчи кереметинин атынан келип чыккан.

Нил дарыясынын куйган жериндеги Фарос аралында, Александрия шаарына жакын жерде биздин заманга чейинки 280-жыл ченде ошол мезгилдеги эң чоң маяк курулган. Бул биринин үстүнө бири кабатталган үч бөлүктүү мунаранын бийиктиги 120 мге жеткен. Анын чокусундагы туш тарабы ачык таш чарпаяда от күйүп, кемелерге жол көрсөтүп турган. Семирамиданын асма багы Евфрат дарыясы ташыганда талкаланган. Артемиданын храмы калыбына келтирилип, бирок кийин кайрадан бузулуп жок болгон. Зевстин статуясы күйүп кеткен. Мавзолейди 15-кылымда кресттүүлөрдүн жортуулу учурунда чеп куруу үчүн бузуп, кыштарын ташып кетишкен. Колосс жер титирегенде кулаган. Александрия маягынын тагдыры да ушундай болгон пирамидалар гана күнү бүгүнкүдөй турат.

Алардан мезгил да коркот деп бекеринен айтышпаса керек. Дүйнөнүн жети керемети деп аталган статуялар менен курулмалар пирамидалардан башкаларынын баары жок болгондугуна карабастан кылымдар бою элдин эсинде жашап келатат. Адам колунан жаралган эң бир ажайып кооз нерселерди илгертен бери эле дүйнөнүн сегизинчи керемети деп атоо адат болуп келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5616, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо