Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дүйшеев Арстанбек

Баш барак | Биографиялар | Дүйшеев Арстанбек

Дүйшеев Арстанбек(1932-жылыт.,Кемин району, Кичи-Кемин айылы) - мамлекеттик жана партиялык ишмер. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтун бүткөн (1954). Ветеринария илимдеринин кандидаты (1968). 1954—60-жылы Жумгал районундагы «Жумгал» с-зунун ветврачы, директору, Тоң районундагы «Тоң» с-зунун ветврачы. 1960-жылдан Кыргызстан Компартиясынын Жумгал райкомунун экинчи катчысы, 1961—62-жылы Кыргызстан КП БКнын жооптуу уюштуруучусу. 1962—68-жылы Кыргызстан КП Өзгөн райкомунун биринчи катчысы, 1968—71-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы, 1971-жылдан Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, 1979-жылы январдан Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1981—86-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген.

1986-жылдан Кыргызстан Ветерикария илим изилдөө институтунун директору. Д. 20дан ашык илимий эмгектердин жана сунуштардын автору. илимий эмгектери малдын кан мителери пайда кылуучу ылаңдарына каршы күрөпггү иштеп чыгуу чараларына арналган. Кыргыз Республиканын айыл ч-сына эмгек сиңирген кызматкер (1992). 3 Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 918, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу