Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Дүкөн

ДүкөнДүкөн — (өнөркана, устакана). 1)Көркөм кол өнөрчүлүктө усталардын узана турган жайы. Анда асма көөрүгү, алаа көөрүүгү, күжүсү, көмүркөйү, көмүрү, түрдүү аспап-куралдары болот. МТСте, РТСте, колхоз-совхоздордо айыл чарбасынын ар кандай өнөктүктөрүнө карата шаймандарды оңдоочу, анын айрым бөлүктөрүн колдон кайра кармоочу жайды да «дүкөн» деп атайт. Анда така, мык да жасап, ат такалайт. Ал — кара усталар узануучу жай. Мында асма көөрүгү, таш көмүрү, ар кандай аспап-куралдары, темир-тезектери, атайын көөрүкчүсү болот. 2)Жыгач буюмдарын кыруучу кол механизми, 3)Өрмөк согуучу (өрмөктү), килем токуучу (станокту) жайды айрым аймактарда дүкөн дейт. 4)Ошондой эле эң кеңири таралган түшүнүк бул кадимки эле азык-түлүк, кийим-кечек жана башка көптөгөн буюмдарды сатуучу жер

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)