Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Доминион

Баш барак | Башкалар | Доминион

Доминион (англисче dominion, латынча dominium — ээлик) — иш жүзүндө Британ империясынын курамына кирген көз каранды эмес өлкө (учурда — Шериктештик курамында), доминиондо генерал-губернатор тарабынан көрсөтүлгөн британ монархы өлкө башчысы.

Дагы бир версия боюнча «доминион» термини Нью-Брансуиктик делегат Сэмюэл Тилли Улуу Британиядагы түндүк америкалык колониялардын биригүү маселесин чечкен Лондон конференциясында сунушталган.

«Доминион» түшүнүгүнүн аныктамасы 1926-жылы Улуу Британиянын тышкы иштер министри, Консервативдик партиянын лидери Артур Джеймс Бальфур тарабынан империялык конференцияда элге жарыяланган.

1931-жылдын 11-декабрында ал Вестминстер статутунда (статут - укуктук документ) бекитилген: «Британ империясынын абалы боюнча бирдей, бири экинчисине эч кандай ыкма менен, өзүнүн ички жана тышкы саясатындагы бир дагы аспектисинде баш ийбеген, ошол эле учурда жалпы таажыга жактоочулук кылган жана Британ Улуттар Шериктештигинин мүчөлөрүнүн эркин бирикмесин түзгөн автономдук жамааттар».

Статутка ылайык «доминион» аныктамасына кийинкидей аймактар кирген: Канада доминиону, Австралиялык бирикме, Жаңы Зеландия доминиону, Түштүк-Африка бирикмеси, Ирландия эркин мамлекети жана Ньюфаундленд доминиону.

Биринчи доминиондор статут кабыл алганга чейин эле пайда болгон — Канада (1867), Австралия бирикмеси (1901), Жаңы Зеландия жана Ньюфаундленд (1907), Түштүк-Африкалык бирикме (1910), Ирландия (1921).

Мындай абал, эреже катары экономикалык жактан жакшыраак өнүккөн, калкынын көпчүлүгү Европалыктар болгон өлкөлөргө берилген, бул өз кезегинде метрополия саясатына чоң лоялдуулукту кепилдеген.

1931-жылы Британ Шериктерштиги статуттун юридикалык жактан бекилишинен кийин (1946—жылдан кийин — Улуттар шериктештиги) ага кирген бардык мамлекеттер Улуу Британия доминиондору болуп таанылган (түздөн-түз колониялар жана көз каранды өлкөлөрдү кошпогондо).

Бирок 1949-жылы Индиянын республикалык башкаруу формасын кабыл алгандан кийин, жана буга ылайык британ монархын өлкө башчысы катары кабыл алуудан баш тарткан соң (Шериктештиктеги мүчөлүктү сактоо менен) «доминион» термини дээрлик колдонулбай калган.

Британ империясынын 1948-жылдан тарта 1972-жылдарга чейинки акыркы доминиону Цейлон болгон. 1972-жылы өлкө Шри-Ланка болуп өзгөрүп, доминион болбой калган, бирок улуттар шериктештигинин мүчөсүндө калган.

Ал эми британ королун дагы деле мамлекет башчысы деп тааныган жана шериктештик мүчөлөрү болууну уланткан муруңку доминиондор жана Улуу Британиянын колониялары (Канада, Жаңы Зеландия ж. б.) эми Шериктештик королдуктар аталып калган (англисче Commonwealth realms).

Кыргызча кошумча маалыматтар болсо пикир калтырып коюууну суранабыз

Жайгаштыруу: 2016-08-02, Көрүүлөр: 5716, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-10-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо