Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Дубал

Дубал – имараттын, там үйдүн жана башка керегеси, короо-жайдын топурактан, кыштан жана башка тургузулган тосмосу. Ал негизги тосуучу конструкциясы болуу менен бирге көтөрүп туруучу милдетти да аткарат. Дубал имараттарда сырткы жана ички, өзү көтөрүп туруучу, көтөрүп туруучу жана көтөрүп турбоочу болуп бөлүнөт. Көтөрүп туруучу жана өзү көтөрүүчү дубал басымды түздөн-түз пайдубалга берет, көтөрүп турбоочу имараттын башка конструкцияларына – негизинен түркүктөргө же кабаттардын ортосун жаап туруучу плиталарга бекитилет. Тургузулуу ыкмасы боюнча чогултулуучу (ири панелдүү же ири блоктуу), монолиттүү (көбүнчө бетондуу) жана кол менен тургузулуучу кыш дубал болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)