Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ефименко Татьяна Александровна

Ефименко Татьяна Александровна (2.1.1981-ж. туулган, Бишкек) – Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика (бийиктикке секирүү) боюнча эмгек сиңирген спорт чебери (1998). Азиянын 6 жолку (жаштар арасында – 1997, 1999, КРдин курама командасында – 2002, 2005, 2007, 2008) чемпиону. Азия оюндарынын (Пусан, 2002) жана көптөгөн эл аралык турнирлердин («Дети Азии» жана башка) жеңүүчүсү. Олимпия оюндарынын катышуучусу (Сидней, 2002, Афины, 2004, Пекин, 2008). 2003-ж. 1 м 97 см бийиктиктен секирип, Римдин супер гран-присинде байгелүү орунга татыган. «Даңк» медалы менен сыйланган (2002).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)