Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эфиопия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эфиопия

Жеринин аянты - 1127127 чарчы чакырым. Калкы - 65892000 адам. Эфиопия Африканын түндүк-чыгышында жайгашкан. Бул - дээрлик бардык тарабынан чөл жана жарым чөлдөр менен курчалган тоолуу өлкө. Бийик тоолордун чокуларында кышында кар түшүп, ал эми күзүндө суук туман каптап турат. Тоолуу салкын климатта субтропикалык дарактар, бадалдар жана ар түрдүү чөптөр өсөт.

Бул жердин айбанаттар дүйнөсү да субтропикти элестетет. Андан төмөнүрөөк аймагында түшүмдүү кара жана кызыл топурактуу бөксө тоолор созулуп жатат. Бул бөксө тоолор - Эфиопиянын кампасы. Мында токойлор аз калды. Бардык жерде буудай, арпа, таруу жана анын түрү - тэффа өстүрүлөт, андан эфиоптор нан жасашат. Кышында жана жайында муссон шамалдары жаан-чачын алып келет. Ошондуктан өлкөдө дыйканчылык үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Дыйканчылык - көпчүлүк эфиоптордун негизги кесиби. Жерди өгүз кошулган соко менен айдашат.

Эфиоп дыйкандары уй, эчки, эшек, тоок, жылкы багышат. Көп дыйкандар бал челек күтүшөт. Эфиопиянын түштүгүндө кофе дарагын өстүрүшөт. Эфиопия - кофенин мекени. Анын аталышы да Эфиопиянын Кафа деген областынын атынан келип чыккан, ушул убакка чейин бул жердеги тоолордо жапайы кофе дарагынын бүтүндөй токойлору сакталып калган. Өрөөндөрүнүн климаты ысык, тропикалык. Бул жерде минералдык булактар көп. Эфиопиядан платина, алтын, марганец жана таш тузу алынат, темир түстүү металл, күрөң көмүр, нефть жана башка пайдалуу кендер ачылган.

Эфиопия - көлдөрдүн өлкөсү. Алардын бири - Тана көлү. Африкадагы эң чоң дарыя - Нил ушул Тана көлүнөн башталат. Эфиоп тайпак тоолорунан көптөгөн дарыялар агып түшөт, бирок алардын көпчүлүгү аны курчаган чөлдөргө сиңип кетет. 16-кылымда колонизаторлордун Эфиопияны каратып алмак болгон алгачкы аракети ийгиликсиз аяктаган.19-кылымдын аягында империалисттер бүтүндөй Африканы дээрлик өз ара бөлүп алышкан. Эфиопияга италян баскынчылары кирип келишет, бирок эл өзүнүн көз карандысыздыгын сактап калган.

1936-жылы Эфиопияга италян фашисттери кол салган. Адегенде фашисттер өлкөнү убактылуу басып алышат, бирок эфиоптор союздаштары менен бирге көп узабай эле баскынчыларды талкалаган. Өлкөнүн эң чоң шаары жана борбору - Аддис-Абеба («жаңы гүл» дегенди билдирет). Шаарда университет, кинотеатрлары бар, кооз имараттар заңкаят. Көп жылдар бою өлкөнү императорлор башкарып келген.1974-жылдагы революциянын натыйжасында император кулатылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5714, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу