Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Египет

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Египет

Египетти чыгыш өлкөлөрү илгери Мисир деп да аташкан. Египет Араб Республикасы Африка материгинин түндүк чыгышында жана Азиянын Синай жарым аралында жайгашкан. Ал эң Байыркы өлкөлөрдүн бири. Анын 5 миң жылдай тарыхы бар. Байыркы Египеттин маданияты жөнүндө фараондордун өтө зор пирамидалары (күмбөздөрү), ажайып храмдар, ташка чегилген жазуулар менен сүрөттөр баяндап турат. 7-кылымда Египетти арабдар басып алып, Египетке араб тили менен өз дини - исламды жайылтышкан. Өлкөнүн калкы негизинен Африканын улуу дарыясы Нилдин боюнда жашашат. Нил өрөөнүндө дүйнөдөгү эң мыкты пахта өстүрүлөт. Бул өлкөнүн негизги байлыгы. Мында шалы, жүгөрү, буудай, кант камышы, буурчак да эгилет. Жашылчалардан - пияз, сарымсак, помидор, мөмө-жемиштерден - курма, апельсин, лимон өстүрүлөт.

Жери семиз өрөөндү бардык тарабынан учу-кыйырсыз чөл курчап жатат. Анда суу жок, ошондуктан адамды өтө сейрек учуратасың. Чөлдөрдө негизинен көчмөн бедуиндер жашашат. Алар төө, кой жана эчки багып, көчүп жүрүшөт. Кудуктары бар оазистерде гана адамдар отурукташып жашайт. Египет 1952-жылкы революциядан кийин гана чыныгы эркин мамлекет болуп калды.

Ага чейин бул өлкө көп жылдар бою Англиянын бийлигинде болгон. Египет эли жакырчылык менен оорудан жапа чегишип, дээрлик бардыгы сабатсыз болгон. Өлкөдө машина жасоочу заводдор болгон эмес, ал эми металл кол өнөр устаканаларында гана эритилчү. Азыр республикада өнөр жайы жана айыл чарбасы тез өнүгүүдө. Египетке Англия, Франция Израиль көп жолу кол салды. Алар биринчи кезекте Египеттеги Суец каналын басып алууга умтулушкан.

Ал азыр толук бойдон Египеттин карамагында. Европа жана Америкадан чыккан кемелер бул канал аркылуу Азия жана Чыгыш Африкага барышат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 10702, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-09-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу