Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиз айымдар

Сентименталдуу жана романтикалык эгиз-мырзайымдары, өзүнө асмандай сезимдерди жана курч акылдарды айкалыштырат. Мындай мырзайымдар менен сүйүүдөгү назик күтүлбөстүктөр жана мамилелердеги тапкычтыгы боюнча эч ким тенеле албайт. Алар сүйүү жаатында чыныгы оюнчулар, бирок ошол эле убакта бир рамкада кармалбай, чыныгы аял сапаттарын көрсөтүп, мырзалар үчүн кичине сырдуу болуп, өтө оюн-карак эмес.



Бул көп кырдуу натура, өзүнө бир жагынан өзгөрмө мүнөздү камтып, экинчи жагынан роматикалуу жана алоолонгон сүйүүчү болуп, үчүнчү жагынан терең ойлуу кан-дос болуп, төртүнчү жагынан акылдуу баарлашуучу болот алат. Мунун баары эгиз белгисинде жаралган айымдар, бир натурага айкалышпагандын баарын өзүнө камтыйт. Алардын өзүн алып жүрүүсү, сөздөрү жана иш-аракеттери, эмне деп айтаары таптакыр белгисиз болот. Бир адамды суктанып жактырып калышы мүмкүн, бирок, ошол эле убакта, ал адамдын дарегине критикасын айтып, какшыктап да коюшат. Бул мырзайымдардын фантазиялары - өзүлөрүн жана кыялдарын көрсөтүүчү жашоосу жана сүйүүсү деп айтсак болот. Буларга өз идеалын табууга оор, анткени, ал идеалын тапкан күнү да, анын кемчилик же жетишпегендиктерин издеп, кандайдыр-бир мыктылыкка умтула берет. Бул аялдардын ички жан-дүйнөсүндө дайыма бороон-чапкындаган конфликтер, өзүнүн "Мен" дегени менен уруш-талаштар болуп турат, бирок, ал, бул бороон-чапкынды сыртка чыгарып, бирөөгө көрсөтпөөгө аракет кылат, өзгөчө өз сүйүүсүнө.



Жомоктогудай укмуштуулук жана суктандыраарлык аялдын кубулжуганы, жеке өзгөчөлүктүү жана акылдуу, шайыр жана шатман - мунун баары эгиз-мырзайымдары. Алар эч качан бир орунда турбайт. Дайыма ар кандай болгон, алар сүйүүктүү жар, темир мүнөз аял, бир аз убакыттан кийин өз коркунучтарынын нервтенген кыжырлануучусу болушу мүмкүн.



Ошондой эле эгиз-мырзайымдар жакшы жан-дос жана кенешчи, кандай гана учур болбосун ишенимдүү жана кайраттуу адам болуу менен бирге өзүндөгү тунук жана назик аялдык сапаттарын жоготпойт. Анын натурасы дайыма өзгөрүүлөргө умтулуп, жаңы жана изилденбегенди издейт. Бирок, эгер ал чыдамдуулук жана туруктуулук мүнөздөрүн үйрөнсө, сүйүүдө бакытка жетип, ал бактылуу сүйүүнү түгөйүнө да тартуулайт.



Бир жагынан, эгиз-мырзайымы үлгүлүү жардын эң жакшы мисалы боло алат. Мындай мырзайымдар күйөөсүнө өмүр бою издеген аял-затынын идеалы болуп, ар кандай шартына жана талаптарына ылайыкташа алат. Бул аялдар, эгер мырзалар алардын чыныгы сүйүүсүнө ээ болсо, алар ишенимдүү жар болот. Сыртынан караганда, жеңил ойлуу көрүнгөнү менен, оор учурда аларга ишенүүгө болот, жана бул аялдар жан дүйнөсү жетишээрлик олуттуулукка ээ. Бирок, бир жагынан караганда, эгиз-мырзайымдарынын карама-каршы мүнөзү, өзүн жанды кашайта турган сөздөрдү айтып жана цинизмди көрсөтүүсү мүмкүн. Мисалы, жини менен урушуп же чымчыма сөздөр менен кыжырга тийиши мүмкүн. Бирок мунун баары, анын жакшы жактарынын жамынуусу гана. Башкача айтканда, мен кыйынмын дегени эмес, тескерисинче менин кадырыма жетип, багынткыла дегени. Ошондой эле дагы бир жагы, бул - үй тиричилигинен тажап, депрессияга түшүп, көңүл кош болуп калуусу. Бирок ошону менен бирге, бул аялдар дайыма адамдардын оюн угуп, жакшынакай, жагымдуу баарлашуучу болуп, акылмандуу кеңештерди бере алат.



Жана ошондой эле бул аялдар берилген жана балдарына мээримдүү эне болуп, балдарына болгон мамилесин эч качан катуу кармабайт. Өз түшүнүгүндө ал кичине инфантилдүү болуу менен наристелердин жан-дүйнөсүндө жакын дос катары биринчи орунга ээ болуп, аларды эң жакшы түшүнөт. Дагы кошуп айта кетсек, эгиз-мырзаймдары романтикалуу кечелерди уюштуруп, өзүн кыймыл көрктүү суктандыруучу катары алып жүрүп, мындай сыйкырга эч ким туруштук бере албай, сүйүп калууга арга жок болот.



Ушунун баары менен, эгиз-айымдары укмуштун баарына ээ. Алар ар кандай аялдардын мүнөздөрүн өз жан-дүйнөсүнө камтышып, күн сайын өзгөрүшүп, карама-каршы полюстагы темпераментке жана өзүн алып жүрүү мүнөзүнө ээ. Башкалардан катылган жан дүйнөсүнүн тереңинде алар өзгөрмө мүнөзүнүн маскасын чечип, өзүнүн "Мен" дегени жана өзү менен өзү болууга кыялданат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1004, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо