Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана арстандар

Бул түгөйлөр бир болууга жаралат. Албетте, арстандар, үй-бүлөө башчысы жана материалдык жактан камсыздоочу болот. Бул эң жакшы, анткени эгиздер бирдей жеңилдик менен башкаруучу да, баш ийүүчү да болот алат.



Арстан жана эгиздер - эң жакшы сүйүүчүлөр гана эмес, булар - жакшы достор. Булардын биримдигинде сүйүү кумары гана эмес, жашоодогу кубаныч жана ыракат тартуулагандын баарына орун бар. Активдүү арстанга, дайыма авантюраларга жана өзгөрүүлөргө даяр, тобокелдүү жана чыгармачыл эгиздер жакпай койбойт.



Бул түгөйлөрдүн жашоосу түйшүк жокто жана акча барда, укмуштуу жана эң сонун. Мамилелердин бекемдигин текшерүүчү экзамен бул - биринчи оорчулуктар болот.



Бул жеңил көтөрүлүүчү, авантюрист адамдардын мамилелери гармонияда болот. Биргелешип көңүл ачуу максатында, булар ар кандай авантюраларга кызыгуу менен барат. Булар укмуштай сезимталдуу, чукул ачулуу жана курч акыл-эстуу, өзүнүн жана бирөөнүн эркиндигин бирдей баалашат. Эгиздер менен Арстандар өнөктөштөрүнүн оң жана терс жактарын жакшы билишет, жана бул мамилелерден өзүнө кандай пайда алууну түшүнө билет. Мындай биримдик чынында бекем болушу мүмкүн.



Бирок, биринчилерден болуп Эгиздер менен Арстандарга бала күтүү алдында ойлонуу зарыл, анткени аба менен отту аралаштырганда эмне болоору белгисиз, экинчиден, балдар, экөөнүн көңүл ачуусуна тоскоол болушу мүмкүн. Бирок, кандай таңкалыштуу болбосун, үй-бүлөө, балдар, үй-жай бул эки кубаттуу түгөйдүн реализация жери болот, бирок, өз ыктыяры менен оор үй-бүлөөлүк жоопкерчиликти моюндарына алуу оңой эмес.



Өз ара жактыруулар жана эки тараптуу сүйүү, бул зодиак белгисиндеги адамдардын ортосунда көңүлдүү жана тез пайда болот. үй-бүлөөлөр оңой жана жеңил жаралып, шартка ылайык мындай никелердин дээрлик көбүнчөсү ийгиликтүү болот. Бирок бул түгөйлөрдүн мамилелеринин "кара ташы" бул - алардын бири-бирине кызыгып турганда гана бирге болуусу. Эгер мамилелер түгөнүп калса, өнөктөштөр никени сактап калууга аракет кылбай, жаңы үй-бүлөө куруп, жаңы жашоого аттанышат.



Мындай нике бекем болуш үчүн, бул түгөйлөрдүн үйү, түнөп кетиш үчүн гана иштеген гостиница болбоосу зарыл. Тескерисинче сүйүүчүлөрдүн кезигүүчү жери, чыгармачылыктын лабораториясы, доктурдун консультациялоочу кабинети, дүйнөдөгү бүт нерселерди талкулоочу ысык трибуна, жана ар кандай маселе-суроолорду чечүүчү тегерек стол болуусу зарыл. Мындай учурда бул түгөйлөргө бири-бирине тоюп кетүү коркунучу жаралбайт.



Эгер түгөйлөр бири-биринин адамдык алсыздыктарын кечире билүү түйшүгүн моюндарына алышса, алар бактылуу жана көп жашашат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 896, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо