Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана эгиздер

Баш барак | Гороскоп | Эгиздер жана эгиздер

Кандай таң калычтуу болбосун, бирок, шамалдуу мүнөздөрү менен эгиздер өз ара стабилдүү түгөй боло алышат, башкысы бири-биринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл.



Нике, айтылгандай, акыл аркылуу. Бул мамиледе эс-акылдуулук көп, сезимталдуулук - аз. Бири-бирин сөзү жок эле түшүнүшөт, анткени баардыгы тааныш, окшош, бирок, ошого карабастан, эгиздер бир ойлонуп, башканы айтып, таптакыр ар-башканы жасашат. Эң кызыгы, булар бири-биринин иш-аракеттерин акташат.



Эгиздерди көп учурда жалпы профессия, иш же жалпы жашоодогу баалуулуктар бириктирет. Бири-биринин жанында алар өзүлөрүн ыңгайлуу жана жакшы сезишет, бирок жан-дүйнөлүк өнүгүү кандайдыр бир кооптонууну туудурат. Экөөнүн окшоштугуна себеп болуп, мындай аба түгөйлөрү оңой түзүлүп, ошондой эле оңой бөлүнөт. Экөөнүн тең бир түрдүүлүккө чыдабастыгы маанилүү. Эгиздердин жеңилдиги жана туруксуздугу - үй бүлөөлүк мамилелерге жакшы фундамент боло албайт. Бирок үй-бүлөөдө кандайдыр бир бекем негиз болуусу зарыл.



Эгер силер өз никеңерди сактап калууга кызыктар болсонор - сезимдерге ставка койбогула. Бул силердин эң күчтүү жагынар эмес. Эгиздер баардыгын эстеп калат: кандай белек, кандай сөздөр айтылды, атүгүл бетиңердин өнү, мунун баары эгиздердин эсинде болот. Бирок, ошол учурдагы кандай сезимдерди сезип жатканын, кандай санааларды тартканын - алар эч качан түшүнбөйт. Эгиздерге мамилелердин чыныгы бетин көрсөткөндөн көрө, сезимдерди ойноо менен көрсөтүү оңой. Имитацияланган, үстүртөндүү сезимдер мамилелерге тереңдикти кошпойт, бирок мамилелердин жеңил болуусуна көмөк болот.



Сырткы чөйрөнүн ар турдуулугу мамилелерди бекемдейт, түгөйлөрдүн көп достору, көп иштери, көп пландары, алмашып туруучу иши, кызыктуу хоббиси болуусу зарыл. Эгиздерге, аларды жандандырып жана сезимдер жагынан алардын аналитикалык жашоосун толуктап туруучу нерсе керек. Өнөктөштөр, белгисинин туугандыгына карабастан, көп учурда түшүнүксүз болот, ага себепкер, айтылбаган сөздөр жана биз айтып өткөн сезимдердин имитациясы.



Ошондуктан, эгиздер түгөйү көп учурда өзүлөрүнүн эмес, башкалардын сезими, окуялары жана фактылары менен жашайт. Көп учурда мындай сезимдердин жабдып туруучусу телевидение болот. Бул үй-бүлөөдө тынчтыкты сактоо үчүн ортомчу өтө зарыл. Качан үйдө наристе пайда болгондо, түгөйлөр наристенин кызыкчылыгы менен жашай башташат.



Бул мамилелер романтика жана сексуалдык кызыгуулар менен аз өлчөмдө боёлот.



Бул биримдик аябай гармониялуу болушу мүмкүн, эгер эгиздер алмашуу менен өз өнөктөшүн үйрөтүп жана андан үйрөнсө, аны угуп жана өзү сүйлөп, сөз талашпаса. Башкысы, үйрөтүүлөрдө тереңдеп кирип кетпоо керек - анткени эгиздерде талаптарга айкалышуу таланты бар, эгер ал чындыгында керек болсо ал аны колдоно алат. Бири-биринердин эркиндигинерди сыйлагыла.

Сайтка жарнама жайгаштыруу