Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана тараза

Бул эки аба белгисиндеги түгөйлөрдө кандайдыр бир түшүнбөстүк болушу мүмкүн, жана аны ким биринчи билгени маанисиз. Биргелешкен жашоосу эгиздерге жага турган сюрприздерге толуп турат. Таразалар деле, өзгөрүүлөргө каршы эмес. Бул биримдикте эң жакшысы бул - эгиздер да, таразалар да, биргелешип шаттанып жана суктанып, көңүл ачып жана ыракат алганды билишет, экөө тең ар кандай кечелерди жана кезигүүлөрдү жакшы көрүшөт. Аларда биргелешкен жашоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул түгөйлөр арасында өзгөчө байланыш жок, бирок, жалпы сезимдерди жана иш аракеттерди билдирүү эркиндигине умутулуусу бар. Бул учурда өнөктөштөр бир нерсени биргелешип жасап, сезгенге карганда көбүрөөк ойлонуп, өз-өзунчө өнүгө алышат. Эгиздер өзүнө акыл-эстин ролун алып, аны аткара алат, Таразалар болсо бул түгөйдө практикалык жагын камсыздандырат.



Биримдиктеги ролдор такталганы бат эле түшүнүктүү болот, бирок бул бөлүштүрүү так эмес: Ар бири барыбир каалаганын же колунан келгенин жасай берет. Эгиздер таразаларды көп учурда жөн эле жактырышат, жакшы көздөрү үчүн десек да болот, андан чыгармачыл натураны көрүп, наристедей кабыл алат. Таразалар болсо Эгиздердин оюна кулак туруп турат.



Акча маселеси аларды көп ойлондурбайт. Таразалар болсо, чын дилинен белектерге кубанычта болгон эгиздерге акча коротконду жакшы көрүшөт, эгиздер болсо өз жагынан өнөктөшүнө кубаныч тартуулаганга умтулат. Жаңы жана кооз нерселерди сатып алуу аларга чоң кубаныч алып келет, качан төлөө учуру келгенде - мына ушул жерде аларды чоң сюрприз күтөт. Жана бул кырдаалда алар бири-бирин күнөөлөй башташат. Финансы маселесинин оңолушу менен, алар эч нерсени ойлобой, кайрадан акча коротууга даяр болушат.



Эгиздердин түйшүгү, алардын баардыгына жетүү умтулуусу. Таразалардын сезимдери менен ойнобоо акылдуурак болмок. Талкаланган мамилелерди кайра тургузуу абдан оор. Алар экөө тең көңүл чордонунун ортосунда болууну жакшы көрүшөт.



Эгер эгиздер кандайдыр бир чечимге келсе - бул эч нерсени түшүндүрбөйт. Алардын чечими бир мүнөттөн кийин такыр карама-каршы жакка өзгөрүлүшү мүмкүн. Ал эми Таразалар чечим кабыл алса, алар ал чечимге бекем турушат.



Таразалар эгиздерге караганда сак болушат. Эгиздер болсо чырмалган жипти чечип отурбай кесип салган оң деп ойлошот, таразалар тескерисинче, баардыгын шашпай, ийне жибине чейин кылдаттык менен изилдешет. Эгиздердин бала ишеничтиги жана аңкоолугу эң жакшы келесоолуктарды жасаганга зарыл кылуусу мүмкүн. Таразалар болсо мындайга убактысын коротпойт, көп учурда алар логикалуу салкын. Эки өнөктөш тен бактылуураак болмок - эгер азыраак ойлонуп, көбүрөөк сезгенди үйрөнүшсө. Мындай никеде узак биримдик көп учурабайт: экөө тең өзгөрүүлөрдү жакшы көрүп, күнүмдүк тиричиликти жактыра бербейт. Бул мамилелер көбүнчө бай турмушка көбүрөөк жакшы айкалышат. Алардын үйү көңүл ачуу, музыкага, китеп жана наристелерге толуп, саякатка чыгуу ашыкча болбос.



Булар жан-дүйнөсү жакын жандар. Сезимталдуулук да, акылмандык да жетишээрлик. Эгер сезимдер жөнүндө айтсак, Таразалар менен Эгиздер чын дилинен сүйүшөт. Бул нике - чыныгы сүйүү никеси жана бул никедеги эң башкы түйшүктүү маселе - ар кандай тиричилик суроолору менен жанаша баскан, үй-бүлөөлүк жашоо.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 977, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо