Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эхинококкоз

Баш барак | Ветеринария | Эхинококкоз

Эхинококкоз - иттердин, карышкырдын жана башка жырткыч айбанаттардын ичеги карынында мителик кылуучу эхинококкоз деп аталуучу тасма курттар козгоочу ылаң. Жыныстык жагынан жетилген курттардын узундугу 2-6 мм болот. Алар майда муунакчалардан турат. Өсүп жетилген кийин эхинококкоздун муунакчалары жогорудагы аталган айбанаттардын организминен алардын кыгы аркылуу бөлүнүп чыгып анын ичиндеги жумурткалардан түйүлдүктөрү пайда болот. Малга ошол түйүлдүктөр чөп, жем, суу аркылуу жугат. Мындай майда түйүлдүктөр малдын ичеги кардынан, кан тамырларынан өтүп кан аркылуу өпкөгө , боорго, көк боорго жетет да, ал жерлерде киргил суюктук толгон ыйлакчаларды пайда кылат. Мындай ыйлаакчалардын диаметри 5-10 см чейин жетет. Ошентип эхинококкоз оорулуу айбанаттардан малга жугат. Ал эми айбанаттар болсо, ооруган мал өлгөндөн же союлгандан кийин ыйлаакчалар бар органдарды жегенде жугузуп алат. Эхинококкоз менен адам ооруйт. Эхинококкоз менен ооруган малдын сырткы клиникалык белгилери анчалык мүнөздүү болбогондуктан, аны сойгондон кийин гана аныктоо болот. Ыйлакчалар өпкөдө жайгашса малдын жөткүргөнү, боордо жайгашса тамак сиңирүү органдарынын бузулгандыгы байкалат. Эхинококкоздон алдын ала сактануу максатында бардык иттерди жылына 4 сапар дегельминтизациялоо керек. Бул максатта ветеринардык адистердин көрсөтмөлөрү боюнча ареколин колдонулат. Ошондой эле иттерди мал сарайдын ичине жолотууга , жана малды ал жайларга союуга тыюу салынат. Союлган малдын ички органдарында эхинококкоз ыйлаакчалары болсо аларды итке жедирбей терең көөмп же өрттөп жиберүү керек.

Гельминттерге каршы чара королу
1.Эхиноккоз - малдар жана адамдар оорушат. Жыныстык жактан жетилген эхинококк эт менен азыктануучу жаныбарлардын (ит карышкыр) ичегисинде мителик кылат. Эхинококк ыйлаакчалары , көбүнчө койлордун , бодо малдын жана кишилердин боорунда, өпкөсүндө, көк боорунда мителик кылат. Адамга иттерди кармап ойногондо, жуулбаган жашылча жер жемиштерди жегенде жугат.

Алдына алуу:
- жолбун иттерди жоготуу
- иттерди бир жылда 4 жолу дары берип гельминтсездируу (ареколин)
- оздук гигиенаны сактоо, колду тамак ичээрде сөзсүз жууш керек
- Малдын тарпын , оорулуу органдарын оз убагында чогултуу жана жок кылуу

2.Ценуроз (айлампаш, көк мээ ) - койлордун, эчкилердин жана бодо малдын оорусу, кээде адам дагы ооруйт. Мите курттун личинкасы мээде же жүлүндө өнүгөт. Кой эчкилерге негизинде иттерден жана карышкырдан жугат.

Алдына алуу:
- Ылаңдуу малды өз убагында бөлүү
- Жолбун иттерди жоготуу
- Иттерди бир жылда 4 жолу дегельминтезация кылуу (арекалин - 0,004 гр\кг дозасында, феносал-0,3 гр\кг дозасында)

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1561, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо