Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эктима - кара жамаа

Баш барак | Ветеринария | Эктима - кара жамаа

Кара жамаа - өтө тез өтө турган вирустук оору, негизинен кой-козу ооруйт. Козгогучу өтө майда вирус. Вирус айлана чөйрөдө көпкө сакталат, жаранын кургак карттарында 4-15 жылга чейин күчүн жоготпойт. 60-65 градус ысытканда бир нече минутада вирус өлөт.

Эпизоотологиясы. Оорунун булагы ооруган же оруп айыккан кой козу болот. Вирус ыйлаакчалар жарылганда шилекейи менен, жаранын карттары менен сыртка бөлүнүп чыгат. Желини ооруган койлор козуларга жугузушат. Оору тез тарап 2-3 жумада короодогу койдун 50% ооруйт. Койдун өлүмү 5-10%, козулардын өлүмү 90% болот.

Клиникалык белгилери. Оору жуккандан кийин 3-10 күндөн кийин клиникалык белгилери пайда болот. Биринчи болуп териге кара күрөң тактар пайда болот, денесинин температурасы көтөрүлөт. Ал тактар ыйлакчаларга айланат. Ыйлакчалар ириндеп жарылат да, үстү карттанып, карарып эки, үч жумада түшөт. Ыйлакчалар, жаралар оозго, эриндерине, желинге, жыныс органдарына туягына чыгат.

Алдына алуу: Жаны кошулган кой - козу оорусу жок чарбадан болушу керек, келгенде бир ай карантинде туруш керек. Оору жолуккан чарбада койлорду туутка үч ай калганда эмдеш керек. Козуларды беш күндүк кезинде эмдейт. Кайталап эмдөө 6-7 айлыгында жүргүзүлөт. Иммунитет 10-15 күндө пайда болот да 7-8 айга күчүн жоготпойт.

Дизинфекция: 2% каустика содасы, 20% жаңы өчүрүлгөн акиташ, 2% формальдегид колдонулат. Жерди, кыкты 10 см терендикте казып дезинфекция кылыш керек. (5 литр раствор - 1 чарчы/метр жерге)

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 964, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо