Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Эл аралык мүнөздөгү кылмыштар

Эл аралык мүнөздөгү кылмыштар – Эл аралык кылмыштарга тийиштиги жок, Эл аралык келишимдерде каралган коомдук коркунучтуу жосундар, тынчтык кызматташууга зыян келтирет жана мамлекеттер аралык ойдогудай мамилелерге кол салат. Эл аралык кылмыштардан айырмаланып, Э. м. к. үчүн жоопкерчиликти мамлекет эмес, жеке адамдар тартат. Ал Эл аралык келишимдердин негизинде, бирок улуттук укук боюнча келип чыгат. Кол салуу объектисине жана Эл аралык коркунучтуулугунун даражасына жараша Э. м. к. төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: а) Эл аралык мамилелердин туруктуулугуна каршы кылмыштар (Эл аралык террорчулук, адамды барымтага алуу , аба унааларында жасалган кылмыш, ядролук материалдарды уурдоо, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, жашыруун миграция ж. б.), б) каржы-экономикалык кылмыштар (акча-тыйындарды жасоо, кылмыштуу кирешелерди ачыкка чыгаруу, контрабанда ж. б.), в) адамдын жеке укуктарына кол салуу (кулчулук, кул сатуу, аялдарды жана балдарды сатуу, кыйноо ж. б.), г) ачык деңизде жасалган кылмыш (каракчылык, деңиз чөйрөсүн булгоо ж. б.), д) Эл аралык мүнөздөгү аскердик кылмыштар (тыюу салынган каражаттарды жана согуш жүргүзүүнүн тыюу салынган усулдарын колдонуу, талап-тоноо ж. б.).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)