Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эл кайда көчөт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эл кайда көчөт

Жонунда кара чекиттери бар (алар көбүнчө жетөө болот) бул кызгылт тоголок кичинекей коңузду, сыягы бардыгы эле билишет. Эл кайда көчөттүн аталышы абдан кызыктуу: ал жер көгөрүп, күн жылыган кезде пайда болот: мурун көчүп-конуп тиричилик кылган кыргыз эли эл кайда көчөт пайда болгондо аба ырайы мындан ары жылуу болорун жана бул коңуз кайда учса, ошол жакта көк чөп мол болорун белги кылып, ага ошондой ат берген болуу керек. Эл кайда көчөт душмандарынан төмөнкүчө коргонот. Коркунучту сезген учурда эл кайда көчөттүн буттарынын бүгүлгөн жеринде кызгылт сары түстүү тамчылар - сүт пайда боло калат. Сүттүн даамы өтө жагымсыз (ойлобогула биз аны даамдап көргөн эмеспиз, окуумуштуулар ушундай тыянак чыгарышкан) болгондуктан эл кайда көчөткө душмандары жакындабайт. Сыртынан караганда зыянсыз болуп көрүнгөн эл кайда көчөттүн жырткыч экенин көп адамдар билишпейт. Анын тамагы - жаш өсүмдүктөрдүн ширесин соруучу майда жандыктар - чөп бити.

Эл кайда көчөт, ошол мителерди таап жейт. Анын табити да жаман эмес: бир күндө 200гө жакын чөп битин жеп жоготот. Ал эми анын личинкасы андан эки эсе соргок болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1839, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу