Электр-химия

Электр-химия — иондук системалар физ.-хим. касиеттерин жана эки фазанын чегиндеги заряддалган бөлүкчөлөр (иондор, электрондор) катышуусу менен жүргөн кубулуштарды изилдөөчү физикалык химиянын бөлүгү. Эки фазалуу системанын бир фазасы көпчүлүк учурда металл же жарым өткөргүч, экинчиси — эритме же б. эриген электролит. Э.-х. энергиянын Э.-х. жана химиялык формаларынын өз ара айланышы закон ченемдүүлүктөрүн изилдейт. Э.-х. эки бөлүктөн турат: 1. Электролиттер эритмесинин теориясы — электролиттер теңдештик эмес абалдары касиеттеринин закон ченемдүүлүктөрү, 2. Э.-х. термодинамика жана кинетика — фазалар заряддалган чегинин теңдештигинини жалпы шарттарын, ал чектин түзүлүшүн, фазалар аралык бет аркылуу заряддалган бөлүкчөлөр өтүшүнүн кинетикалык закон ченемдүүлүктөрүн жана механизмин изилдейт. Э.-х. илим катарында өнүгүшү Гальвани, Воль-та жана Петров ысымдары менен байланыштуу. А. Вольта биринчи жолу электр энергиясынын химиялык булагын «вольта мамычасын» жасаган. Анын өнүгү-шүнүн негизги этаптары гальва-никалык элемент электрдик кыймылдаткыч күчүнүн (ЭКК) пайда болуу меха-низмин жана электр энергиясы булагын аныктоо болгон. Вольта: гальваникалык элементте электр энергиясы ар түрдүү эки металл тийишкен кезде бир металл оң, ал эми экинчи металл терс заряддалышынын негизинде пайда болот деген. Бирок Вольта теориясы гальваникалык элемент иштегенде электр энергиясынын пайда болушун түшүндүрө алган эмес. Нернст химиялык теориясы, электр энергиясы булагы гальваникалык элементте жүргөн химиялык реакция деген. Вольта менен Нернст теорияларынын синтези болгон Фрумкин теориясы боюнча ЭКК чоңдугу эки металлдын чегиндеги контакттык потенциалдын айырмасынан жана электролит эритмеси менен электрод чегиндеги электрдик кош катмарлар потенциалынын айырмаларынын суммасынан турат. 19-к. башында электролиттер эритмеси аркылуу ток өткөндө химиялык айлануунун негизинде электроддо реакциянын продуктулары бөлүнүп чыгып, электролиз процесси жүрөрү аныкталган. Электролиз процессинин Э. х. практикада колдонулушуна кеңири жол ачкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)