Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Элик

Баш барак | Жаныбарлар | Элик
Элик (латынча Capreolus, орусча косуля) — Евразия аймагында жашаган бугу тукумундагы жаныбар.
Элик
Сибирь элиги
Сибирь элиги (латынча Capreolus pygargus)
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Падышалык: Жаныбарлар
Тип: Хордалуулар
Класс: Сүт эмүүчүлөр
Отряд: Китокоштуяктуулар
Түркүм: Бугулар
Түр: Эликтер
Эл аралык илимий аталышы
Capreolus, Джон Эдуард Грей, 1821
ITIS: 624956, NCBI: 9857, EOL: 15610, FW: 42660

Далысына чейинки бийиктиги түркүмүнө жараша 70 смден 1 метрге чейин. Элик тоолорду жана токойлорду, чөп калың өскөн жерлерди мекендейт. Анткени, ал чөп жана дарактардын жалбырактарын, бүчүрлөрүн жейт. Ошондой жапжашыл кооз жерлерде жаратылышта сейрек кездешүүчү көрүнүштү — чаарчыгын (эликтин баласы) ээрчиткен элик оттоп же жолуккан адамды карап туруп калгандыгын көрүүгө болот.

Эликтер абдан сымбаттуу жаныбар. Куйругу кыска, телкиси токол, кураны үч (кээде төрт) ача мүйүздүү. Түсү жыл мезгилине жараша жайында саргыч, кышында сур болуп өзгөрүп турат. Баласынын чаарчык аталышынын себеби кичине кезинде чаарала болушуна байланыштуу.

Кар абдан калың түшүп, өтө суук болгон кыш мезгилинде эликтер токойлордон чыгып, адамдар жашаган жерлерге азыктануу үчүн жакындап келишет. Эгерде силер ушундай учурларга туш келип калсаңар, эликтерди чочутпай, колдон тамак берүүгө көндүрсөңөр, алар адамдарга тез эле үйүр алып кетишет.

Энесинен ажырап калып, адамдар баккан чаарчыктар болот. Тескерисинче, этин жана терисин алуу үчүн адамдар эликке анчылык кылышып, чаарчыгынан ажыратып салышат. Акыркы жылдарда эликтер коргоого алынып, аңчылыкка тыюу салынган.

Аталышы

Өзүнүн латынча capreolus аталышын балким эчкиге (латынча capra) анча-мынча окшош болгонунан алгандыр деп жоромолдонот.

Англисче roe аталышы эски англисче raha сөзүнөн чыккан, ал өз кезегинде прото-германдык raikhon чыккан, праиндоевропалык rei сөзүнүн туундусу болуп, жол-жолду дегенди билдирет. Бирок, эликтер көбүн эсе бир тектүү түстө келип, сызыкчалары чанда гана болот.

Баяндалышы

Эликтер сымбаттуу дене түзүлүшүнө ээ болгон, моюну узун жана анча чоң эмес бугулар. Буттары ичке жана узун. Башы анча чоң эмес, узун жана жазы кулактары бар. Эликтин эркектери гана анча чоң эмес эки бутактуу мүйүздөргө ээ, мүйүзүнүн туурасынан кесилишинде тегерек болот. Мүйүзүнүн учтары негизинен үч өсүндү менен аяктайт. Түбүнөн көптөгөн дөмпөктөр жана кырлар менен капталган.

Жайкысын өңү кочкул-саргыч, кышында — боз-күрөң, күйрук аймагында ак тагы бар; куйругу өтө кыска.

Жалбырактуу жана аралаш токойлордо, ачык аймактардагы бадалдар арасында жашайт, токой-талаа алкагында кадыресе көрүнүш, тоолордо түбөлүк кар алкагына чейин көтөрүлөт.

Таксономия

Зоологияда узак убакыт бою Capreolus түркүмү жөнүндө бир нече түрлөр белгиленген ареалы же географиялык расасы чегинде монотиптүү түркүм катары көз караштар үстөмдүк кылып келген. Ошого карабастан, XX кылымдын жарымында көпчүлүк классификациялар сибирь элигинен айырмаланган өзүнчө топ, түр же форма катары европалык эликти (Capreolus capreolus capreolus L) белгилеп келишкен.

Түркүмдүн монотиптүүлүгү жөнүндөгү күмөндөр 1970—1980-жылдары пайда болгон, мында европалык жана сибирь эликтеринин хромосома топтомунда айырмачылыктар, гибриддештирүүдөгү репродуктивдүү тоскоолдуктар жана метоболизм деңгээлинин айырмалары табылган. Бул өзгөчөлүктөр географиялык өзгөчөлүктөр менен кошо европалык эликти өзүнчө түргө белгилөөгө мүмкүндүк берген. Ошол эле убакта, көптөгөн морфологиялык, иммун-химиялык жана генетикалык көрсөткүчтөр боюнча сибирь элигинин кичинекейи десе да болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4231, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу