Эне-Сай кыргыздарынын чарбасы

Эне-Сай кыргыздарынын чарбасы Кыргыз мамлекетинин калкы комплекстүү чарба жүргүзүшкөн. Малчылык, дыйканчылык, тоо-кен иштетүү, балык уулоо, аңчылык өнүккөн. Археологиялык маалыматтар менен жазуулардагы билдирүүлөрдү айкалыштыруу VI-X кк. Эне-Сайлык кыргыздардын чарбасында мал чарбачылык да, дыйканчылык өнүккөндүгү көрсөтүлөт. Мергенчилик дагы бир кыйла орун ээлеген. Летописте айтылат «Таруу, арпа, буудай, жана гималай арпасын себишет, унду жаргылчакка тартышат: эгинди үчтүн айында себишип, тогуздун айында орушат. Винону боткодон чыгарышат. Малдардан жылкыларды, төөлөр, уйлар жана койлор болгон. Көбүнчө уй жана кой асырашат. Мергенчиликте элик, марал, кийикке аңчылык кылышат» деп жазылган. Буудай, таруу, арпанын эки турүн (сортун), кара куурай айдашкан. Эгинди арыктардын жардамы менен сугарышкан. Кургакчыл жерлерде дыйканчылык сугаруу менен жүргүзүлгөн, сугат аянттарда арыктар көп болгон. Унду жаргылчак менен тартышкан. Айыл-айыл болуп жашашкан. Үйлөрү сегиз кырдуу жыгачтан тургузулган же жарым жертөлөлөр болгон. Короо-жайлары дубал менен курчалган. Көчмөн турмуш таасири Эне-Сай кыштактарына дагы катуу таасир тийгизген. Буга Миң-өзөн (Минусинск) ойдуңундагы Копен кыштагынан алыс эмес жайгашкан алгачкы кыргыз кыштактары далил боло алат. Копен кыштагындагы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө табылган турак жай курулуштары жеңил жана сырткы көрүнүшү боз үйгө окшош болгон. Бул кыштактардан малдын, сөөктөрү, карапа буюмдары Саян-Алтай элдери – хакас, тува, алтайлыктар, ошондой эле монгол-дербестерде өткөн жакында эле үч бурчтук формасындагы өздөрү жасашкан соколордун тиштери табылган. Мал чарбачылыгы бадачылык жана көчмөн түрүндө өнүккөн. Жылкыларды, төөлөрдү, уйларды, койлорду багышкан. Байларында алар миңдеп саналган. Малдын бир бөлүгүн колго багыш үчүн чөптү коп даярдашкандыгын ал жерлерден көп табылган ийри чалгылар далилдейт. Тоо-токойлуу жердегилер бугу, элик, кара куйруктуу текелерди өстүрүшкөн. Териси баалуу айбанаттарга аң уулашкан, балык кармашкан. Канаттуулардан жапайы өрдөк, каз көп болгон. Кыргыздардын жашаган жеринде кызыл карагай, кайың, тал өскөн. Карагайлар ушунчалык бийик болгондуктан жаадан атылган жебе чокусуна жетпей калчу. Кайыңдын көп өскөндүгү тарыхый булактарда көп эскерилет. Эне-Сайлык кыргыздарда кол өнөрчүлүк эң кеңири өнүгүп: ал металл иштетүүгө байланыштуу болгон. Кыргыздардын адистештирилген бөлүгү кен издөө менен алектенишип, темир, жез, алтын, күмүш, калай, мышьяк өндүрүшкөн. Археологиялык жана геологиялык изилдөөлөр металды өндүрүү кеңири өнүккөндүгүкөндүгүн далилдейт: ал металл иштетүүгө байланыштуу болгон. Кыргыздарда Саян, Темир-Тоонун (Кузнец) тоо тектеринен жана ал турсун Миң-Өзөн талааларынан темир казып алуу негизги маселе деп эсептелген. Ошондой эле темир кендерин Эне-Сайдын жээктеринен жана анын куймалары Абакан менен Туванын бойлорундагы кызыл карагайлуу токойлор каптаган кумдуу дөбөлөрдө эритип алышкан. Дал ушул аймактардан көөрүк очокторунун орду көп учурайт (жергиликтүү эл бул жерлерди азыр да "Кыргыз узанган жер" деп аташат). Эритмелердин калдыктарын талдап көргөндө кыргыздар кендерди жүз чакырымдан кем эмес аралыктан ташып келгендиги аныкталды. Металлдарды эритип алуу тоолордо иштеген кенчилердин оор эмгеги менен кендик жайда жүргүзүлбөстөн, көп убактарда кендерден алыс, кай бирде кен чыккан жерден 100 км аралыкта жүргүзүлгөн. Кендерди жерге көмүлгөн, узун туурасы 1 метрден, бийиги 0,7 таштан курулган көөрүктүү очоктордо эритишкен. Таш очоктордун ички бети ылай менен шыбалуучу, алдыңкы бети жел кирүүчү көөрүк менен туташтырылган. Көөрүк очокторунун ар бири эритүүчүлөр тарабынан 25-40 жолу пайдаланылчу. Темирдин сапаты жогору болгон. Өндүрүлүп алынган темир эритүүчү жайларда эмес, кыштактарда «кайра иштетилген». Темир усталар, зергерлер жогорку сапаттагы ар кандай буюмдарды жасашкан. Эне-Сайлык алгачкы кыргыздардын чебер усталары тарабынан жасалган буюмдардын түрлөрү кеңири болгон: чарба буюмдары – соконун тиштери, балка, орок, кетмен: жасалгалар – негизинен күмүш, алтындан чаап жасалган буюмдар: сөйкөлөр, согуш куралдары – жаа, кылыч, бычак, канжар, сооттор: ат жабдыктары – үзөнгү, ооздук, кол чылбырлар жана башка толуп жаткан буюмдар жасашкан. Кыргыз усталары өзгөчө курал жасоо боюнча даңктанышкан. Кыргыздар темирди көбүнчө жаанын жебесин, аларды уч жагынан кыр чыгарып, канат кейиптентип, жалпайтып курч мүнөздүү кылып массалык түрдө даярдашкан жана аны менен Түштүк Сибирдин элин жабдып турган, тагыраак айтканда саткан. Андан нары кош миздүү кылып курч канжар чаап, айбалта, найза, жебенин учун, чарайна жана ар түрдүү ат жабдыктарын жасашкан. Кыргыздардын темир усталары айыл чарбасы менен үй-тиричилик муктаждарын камсыз кылып турушкан. Алар соконун тишин, буурсун, орок, кетмен, балта, ошондой эле жыгач, темир, түстүү металлдарды иштетүүдө зарыл болгон ар түрдүү майда-барат шаймандарды жасашкан. Окумуштуулар Эне-Сай кыргыздары менен замандаш болгон көк түрктөр жана башка түрк тайпалары метеорит тектүү өтө катуу металлдарды эритүүнү жана андан түрдүү курал-шаймандарды жасоону так ошол кыргыздардан үйрөнгөндүгүн белгилешкен. Темир ийлеген усталар менен бирге чебер колдуу зергерлер болгон. Алар колодон, күмүштөн жана алтындан асеми артык аялдардын жасалгаларын, буюмдарды жасашкан. Орнаменттик оймо-чиймелерди, жандыктардын турпаты чөгөрүлгөн идиштерди, кемер курларды, ат жабдыктарын, тогоолорду жасашкан. Эне-Сайлык кыргыздар Борбордук Азияны басып өткөн Улуу Жибек жолу аркылуу соода жүргүзүп турушкан. Бул улуу трассанын бир бутагы Кыргыз мамлекетин басып өткөн, тагыраак айтканда Турпан оазисинен башталып түндүккө – Тувага кеткен жол Эне-Сайдын агымын бойлоп жүрүп отуруп ажонун хан тактысына чейин жеткен. Бул Кыргыз жолу деп аталган. Көпөстөр бул жактан жылкы, аң тери, мускус (жыпар), мамонттун казылып алынган сөөктөрүн, жыгачтын баалуу сортторун, кан темирден (метеорит тектүү темир) өзгөчө бекем жана курч курал-жарактарды (кылычтарды, канжар-ларды), күмүш идиштерди сатып алышкан. Бул өлкөдө жасалган темир куралдар озгөчө бааланчу. Тыйын чычкандын териси соода жүргүзүүдө акча бирдигине барабар ролду ойногон, (ошол убактан бери бизде "тыйын" деген сөз акча бирдигин түшүндүрүп келе жатат). Кытай, Чыгыш Түркстандан жана Согда, Чүй өрөөнүнөн кербендер Энесайге кездемелерди, жүзүм шарабын, асем буюмдарын алып келип турушкан. Эне-Сайлык кыргыздарда карапа жасоо өнөрчүлүгү бир кыйла өнүккөн. Кыргыз карапачылыгынын традициясынын түпкү чыгышы алгачкы Орто Эне-Сай тарыхынын Хунн Сармат мезгили – түштүк доорундагы карапачы-усталардын өтө алгачкы традициясына жакындайт. Карапачылык кыргыздарда бийик деңгээлге жеткен. Алар тарабынан иштелип чыгарылган идиштер эки негизги топко бөлүнгөн: жөнөкөй көрүнүшү жок, бирок чарбачылык иштерине ыңгайлуу идиштер жана кооз идиштер – келишимдүү кооздолуп, тышы «басма» оймо-чиймелер менен көркөмдөлүп, "Кыргыз вазасы" деген ат менен белгилүү болгон бир топ идиш аяктар жасалып, башка элдерге таралган. Социалдык түзүлүшү. Жазуу маалыматтар жана археологиялык материалдар Эне-Сай кыргыздарынын общинасында мүлктүк теңсиздик жагынан кескин айрымачылык болуп, өтө татаал уюмдашуу болгондугун билдирет. Кыргыздар патриархалдык чоң үй-бүлөлөр болуп жашашкан. Көп аял алуу адаттагы көрүнүш болгон. Колукту үчүн мал менен калың төлөшкөн. Кийимдери ар кандай кездемелерден, ошондой эле ан терилеринен тигилчү. Дөөлөттүүлөр кырлары жогору ийилген шоңшогой, саймаланган ак калпактарды, чепкендерди кийишкен. Орто Эне-Сайда мамлекеттик биригүү мезгилинде көп сандагы мал, айдоо жерлер жана асыл буюмдар (кымбат баалуу буюмдар) сыяктуу эбегейсиз материалдык байлыктарды өз колдоруна топтогон байыркы кыргыздардын коомунун жогорку жана башкаруучу катмары көчмөн ак сөөктөрдөн турган. Көчмөн ак сөөктөрдүн түрдүү даражадагы согуш жетекчилеринен – талоончул согуш жортуулдарынын жетекчилеринен тургандыгын жазуудагы кабарлар далилдейт. Эне-Сай кыргыздарынын мамлекетинин башында алтай түрктөрүндө каган титулуна барабар даражадагы – ажо титулуна ээ болгон, жогорку башкаруучу турган. Адат боюнча ажонун ордосунда орнотулган мамыга туу сайылуучу. Ажо айланасындагы башка акимдерден кийим боюнча айрымаланып, кышында кундуздан жасалган өзгөчө баш кийим, жайында – алтын менен жээктелген, төбөсү шоңшойгон, кыры кайрылган баш кийим кийген. Калган кыргыз акимдери кундуз жана сүлөөсүндүн терисинен тигилген кийимдерди жана кийизден жасалган ак калпак кийишкен. Акимдердин кийимдери карапаыйм көчмөндөрдүн кийимдеринен өтө айрымаланган. Эне-Сай кыргыздарынын мамлекетиндеги кызмат адамдары алты бөлүккө бөлүнүшкөн «Министирлер (алар үчөө), башкы жетекчилер ( үчөө), башкаруучулар (он), иш башкаруучулар( он беш) ошондой эле колбашчылар жана дагандар. Бул адамдар кыргыз акимдеринин жогоркуларынан болушкан. Жана жоокерлерге жетекчилик кылуу функцияларын да граждандык административдик функцияларын дагы аткарышкан. Кескин түрдөгү мүлктүк теңсиздик айрымачылыктын болгондугу жөнүндө Эне-Сай кыргыздарынын мүрзөдөн табылган эстеликтери билдирет. Ак сөөктөрдүн мүрзөлөрү жана көрүнө коюлган эң көп баалуу буюмдарынын болгондугу менен айрымаланат. Эне-Сай кыргыздарында кулчулук жетишерлик кеңири масштабда болгондугу жөнүндө айтууга негиздер бар. Кулдар согуш туткундарынан же Саян-Алтай тоо жакаларындагы токойлук этникалык топтордун өкүлдөрүнөн болушкан. Мисалы дубо уруусун жайлашкан областарына аларды кармоо жана кулга айландыруу максатында атайын экспедициялар жиберилген. Кулдардын күчү сугат системасын курууда жана тоо кен иштеринде өтө кеңири колдонулган. Эне-Сай кыргыздарынын коомунда үстөмдүк кылуучу социалдык катмардын башкы таянычы болгон көчмөн калктын орточо катмары-көчмөн аристократтардын төбөлдөрү дружинниктер өзгөчө ролң ойногон. Эне-Сай кыргыздарынын мыйзамдары өтө катуу болгон: согушуунун алдында «дүрбөлөңдөө», ажого туура берилбеген кеңештер сыяктуу, уурулук үчүн болгон күнөөлөргө бир гана жаза – баш алуу аркылуу өлүм жазасы каралган. Эне-Сай кыргыздарынын адаттагы укук эрежелеринде, жазага тартылган уурунун атасы баласынын башын өзү өлгөнгө чейин мойнуна тагып жүрүүсү каралган. Эне-Сай кыргыздарынын коом турмушунда согуш өзгөчө роль ойногон. Талоончул жортуулдар мүлктүк теңсиздиктин натыйжасында чыккан, курч проблемаларды убактылуу басуучу ишенимдүү каражаттар болуп эсептелген. Ошону менен бирге, Борбордук Азиянын тарыхы негизинен уруулардын акимдеринин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн согуштар кол салынуучуларды да, талоончул согуштук иштерге катышкандарды да жакырланткандыгын көрсөтөт. Уйгурлардын өрттөлгөн шаарлары, Тувада өлүшкөн Эне-Сай кыргыздарынын эбегейсиз мүрзөлөрү буга ачык мисал болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)