Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Энелер куну

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Энелер куну

Кыргызстандагы жыл сайын өтүүчү "Энелер куну" 2012-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын экс президенти Алмазбек Атамбаев бул күндү майрамдоого жана ушундай майрамды уюштуруу боюнча сөз кылган. Башында бул майрам жыл сайын май айынын экинчи жекшембисинде өткөрүлөт деп божомолдонгон.

"Энелер куну" өзгөчө жана унутулгус майрам болуп калды. Бирок Кыргызстандар май айы майрамдарга көп болгондуктан (1 май - эмгек күнү, 5 май - конституция күнү, 9 - май Жеңиш майрамы), өлкөнүн РОССтуктары (русский объединительный союз соотечественников), майрамды кечирээк жылдырууга суранышкан.

Ошентип майрамдоо күнү май айынын үчүнчү жекшембисине жылдырылган. 2012-жылдын 23-апрелинде №93 Алмазбек Атамбаевдин "Кыргыз Республикасындагы энелер күнүн белгилөө" жарлыгына кол койгон.

Жарлыкта айтылгандай: (жеке котормо) «Энени сыйлоо жана урматтоо салтына ылайык, эненин балдарды тарбиялоодого маанилүү ролун таанып билүү, үй-бүлөөнү бекемдөө, коомду өнүктүрүүгө кошкон салымы Кыргыз элинде терең мааниге ээ. Ар бир жаран, жашына карабастан, эне менен болгон жан-дүйнөлүк байланышты, анын колдоосун жана сүйүүсүн сезип турат. Кандай гана эненин камкордугуна ыраазычылыгыбызды билдирбейли, баарыбир анын алдында карызбыз.»

«Бейиш эненин таманынын астында» деген сөз эненин үй-бүлөөдөгү жана коомдогу өзгөчө орду бар экенин айгинелейт. Келечек муундун ден-соолугу, балдардын билиминин сапаты, нравалык түркүктүн жана коом баалулуктарынын калыптанышы түздөн-түз үй-бүлөөнүн бейпилдигинен, эне ден-соолугунун жана билиминин денгээлинен көз каранды.

Өлкөнүн келечек өнүгүүсү аял затынын жогорку статусун таанып билүүсүз, жана анын реалдуу абалын жакшыртуусуз мүмкүн эмес. Тилекке карщы, акыркы жылдары Кыргызстандагы абал эненин коопсуздугун, бейпилдигин, үй-бүлөөдө колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк бербей келди. Бул көйгөйлөргө көңүл буруу биринчилерден болуусу зарыл эле.

Ошондуктан бүгүнкү күнү өлкөбүздө саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргом, маданият жана аял затынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тармактары боюнча кемплекстүү иш чаралар өтүп жатат. Андан дагы кем эмес мааниге ээ, коомдун энелерге болгон аяр мамилеси. Эң биринчиси аял затына болгон зомбулукту жок кылуу, өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү ресурсу катары аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.

2012-жыл — үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганын эске алып, дал ушул жылы баатыр энелер, көп балалуу, жоокер, жалгыз бой жана жаш энелер, деги эле бүткүл Кыргызстандын энелердин жеке майрам күнү пайда болду, бул күнү өлкөнүн бардык жарандары өз апаларына өзгөчө ыраазычылыктарын айтып, куттуктай алышат.

Эненин жүрөгү өз балдарын жарык дүйнөгө келгенден баштап чоң адам болгонго чейин жана кандай гана кырдаал болбосун жакшы көрүп, сүйүшөт. Баланы тарбиялап чоңойтуу каалоосу бардык үмүттөрдү жана күтүүлөрдү актайт, бала төрөлгөндөн баштап эле эне жүрөгү ушундай болот, жана балага гана эненин сүйүүчү жүрөгү толук арналган. Эне, энеке! Энелер ушундай жана башка көптөгөн ширин сөздөргө толук татыктуу. Эненин жүзүн караганда бейкапар балалык күндөрдү эске түшөт. Эне бизге өмүр тартуулап, бүт өзүн бизге арнаган. Эненин жүрөгү гана ушундай берилип сүйө алат. Кээде биз энени өзүбүздүн жасаган ишибиз, же жасабаган ишибиз менен, орой сөздөрүбүз менен таарынтып коёрубуз жөнүндө такыр ойлонбойбуз.

Кыргыздар байыртадан аял-энени ыйык көргөн, сүймөнчүлүк менен Умай-эне атаган, жерди урмат менен Жер-Эне, өз тилин – Эне тил деген!

Эне тилейт «Күндүн нуру тоңбосо!»
Эне тилейт «Күндүн нуру соолбосо!»
…Мен да тыйпыл, күн да тыйпыл болмокчу,
Эгер кокус эне заты болбосо!
(Турар Кожомбердиев)

Дүйнөдө тен келбеген асылдыктар,
Ааламда бир келбеген жалын шыктар.
Жаз болуп гүлүн ачып турасынар,
Энесин, сүйүү, жарсын, баарын кутман.
(Белгисиз автор)

Урматтуу алтын энелер, апалар, "Энелер куну" майрамыңыздар кут болсун! Бул макалага кошумча пикирлер болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-05-14, Көрүүлөр: 20139, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-05-13
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо