Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Энилчек жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Энилчек жонундо маалымат

Эңилчек аны менен чаташтырып жүргөн мамык чөптөн жалбырактарынын жоктугу менен айырмаланат. Ошондой эле алардын түсү да ар башка - мамык чөп дайыма жашыл, ал эми эңилчек боз, бозомтук жашыл, кара күрөң, ал түгүл кара, сары жана ак болот. Ал жер тандабайт, ошондуктан жылаңач аскага да, суусу жок чөлдө да, суук тундрада да өсө берет. Эңилчектер суудан дээрлик ажырап таптакыр куурап калышы да мүмкүн, бирок ным боло калса, кайрадан жашоосун уланта берет. Окумуштуулар эңилчектин башка өсүмдүктөрдөн айырмасын аныкташты, ал жалгыз эмес, бирге өсүп-өнүүчү эки өсүмдүктөн - козу карын менен балырдан турат экен. Балырлар азык заттарды абадан, ал эми козу карындар суу менен минералдык заттарды тоо тектерин өзү бөлүп чыгарган кислоталар менен эритүү аркылуу алат. Мына ушул себептүү эңилчектер жылаңач аскаларда да өсө алат. Эңилчектер, өзгөчө ягель аттуу эңилчек - түндүк бугуларынын негизги тоюту.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4537, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу