Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Эпидемия жана ага каршы чаралар

Эпидемия — жугуштуу оорунун белгилүү аймакта жашаган элдин арасында массалык таралышы. Эпидемиянын өөрчүшүнө алдын ала эмдөө каражаттарынын жоктугу, калктын жыш жайгашуусу, миграциясы (бир жерден экинчи жерге барышы), калк жашаган жерде тазалыктын жоктугу, согуш, табигый кырсыктар, ачкачылык жана башкалар түрткү берет. Мындай убакта элдин турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу жалпы санитария - гигиеналык абалы начарлап, мурунку сейрек кезигүүчү жугуштуу ооруга шарт түзгөндүктөн, эпидемияга айланат. Эпидемия континенттерге же дүйнөгө таралса пандемия деп аталат. Эпидемияга каршы чаралар калктуу жерлерди таза суу менен камсыздоо, канализация жүргүзүү, тазалоо, тамак-аш азыктарын даярдоо, ташуу, сактоо жана сатууда санитариялык жана ветеринариялык көзөмөл жана башкалар жалпы алдын алуучу чараларды камтыйт; калктын жугуштуу ооруларга чалдыкпастыгын жогорулатуу чоң мааниге ээ (Шилтеме: Эмдөө). Жугуштуу оору менен биринэкин адамдар ооруй баштаса же эпидемияга айланса ал андан ары таралып кетпес үчүн алдын ала чара көрүү негизги роль ойнойт. Ал үчүн ооруну тез аныктап, оорулууну биринчи күндөн баштап ооруканага же үйдө өзүнчө бөлүп багуу (Шилтеме: Балдардын жугуштуу оорулары) керек.

Оорулуу болгон жерлерди (үйдү, балдар мекемелерин жана башкалар) дезинфекциялайт; оорулуу менен байланышкан адамдарга инкубациялык мезгил өткүчө медициналык байкоо (былжырлуу челдерди жана терини текшерүү, дененин температурасын өлчөө жана башкалар) жүргүзүлөт; ошондой эле оорулууну (оорунун анча-мынча белгиси байкалса) жана бактерия таратуучуларды аныктоо үчүн лабораториялык (анын ичинде бактериологиялык) изилдөө жүргүзүлөт. Мындай байкоо мезгилинде үй-бүлөдө балдардын жана чоңдордун саламаттыгына кылдат байкоо жүргүзүлүп, оорунун алгачкы белгиси билинер замат врачка кайрылуу, өздүк гигиена эрежелерин сактоо зарыл. Айрым ооруларда оорулуу менен жолуккан адамдарга алдын алуу максатында гаммаглобулин, бактериофаг жана башкалар препараттар куюлат. Балдардын жугуштуу ооруларында оорулуу менен бирге болгон балдар белгилүү мөөнөткө чейин же лабораториялык жыйынтык чыкмайынча балдар мекемелерине кабыл алынбайт; эгер оорулуу ооруканага жаткырылбаса, анда аны өзүнчө көпкө кармоо керек. Кептөөр, менингит, ич келте менен ооруган балдар мекемелеринин кызматкерлерине текшерүүнүн жыйынтыгы чыкмайынча иштөөгө уруксат берилбейт. Текшерүүдө бактерия таратуучулар аныкталса, алар дарылануудан өтүшөт.

Ичеги-карын жугуштуу ооруларынын бактериясын таратуучулар тамак-аш азыктары менен иштесе алар ишке, балдардан табылса балдар мекемелерине барууга тыюу салынат. Балдар мекемелеринен жугуштуу оору чыкса тийиштүү топ карантинге алынып, жаңы балдарды кабыл алууга, балдарды бул топтон башка топко которууга болбойт. Оору кайталанса карантиндин мөөнөтү узартылат. Айрым жугуштуу ооруларда бөлүп багуунун жана карантиндин мөөнөттөрү: кептөөрдө — бактериологиялык текшерүүдөн оору козгогуч табылбай калганга чейин; көк жөтөлдө — 7 жаштан жогорку балдар үчүн 14 күн (эгер ооруканага жатпаса 25 күн), кызылчада — мурда кызылча менен оорубаган, эмделбеген балдарга 17 күн (гаммаглобулин алгандарга 21 күн); менингококк инфекциясында — бактериологиялык текшерүүдөн козгогуч табылбай калганга чейин; топтогу карантиндин мөөнөтү 10 күн; суу чечекте —7 жашка чейинки мурда оорубаган балдар үчүн 21 күн; эпидемиялык паротитте — ооруй элек 10 жашка чейинки балдар үчүн 21 күн; скарлатинада — мектепке чейинки, ошондой эле 1 — 2-класстагы балдар үчүн 7 күн, оорулуу үйдө багылса 17 күн; ангина же скарлатина менен ооруган балдарга жолуккандарды бөлүп багуунун мөөнөтү 22 күн (ангина кармагандан баштап); вирустук гепатитте (Боткин оорусу) карантиндин мөөнөтү 35 күн; бирок гамма-глобулин алган балдар карантин тобуна жиберилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)