Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эр жигит - осуят

Баш барак | Башкалар | Эр жигит - осуят
Эр даңкын эл чыгарар
Эр жигит менен бөрү азыгы - жолдо
Эр намысы - эл намысы
Эр төрөгөн эл өлбөйт.
Эрди жоо үстүндө кор.
Эл болбосо, эр болбойт.


Элге ылайык эр туулат, эрге ылайык ат туулат.
Энеден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес.
Элди баккан жер өлбөйт, эр төрөгөн эл өлбөйт
Эрин коргоп тоо сайган - баатыр атка конот.
Баатырга таяк да жарак.
Баатыр өлсө бир өлөт, коркок өлсө миң өлөт.
Баатыр болсоң душмандан качпа.
Баатыр болсоң - шер бол, коркок болсоң - жер бол.
Баатыр жол баштайт тар жерде, чечен сөз баштайт ар жерде.
Баатыр жоодо таанылат, чечен тойдо таанылат.
Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
Баатыр элин, каз колун сагынат.
Баатырдык тилекте эмес - жүрөктө.
Баатырдын жоодо өлгөнү - элине шыпаа.
Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жигиттин уялганы - өлгөнү.
Ат өлсө ээри калат, эр өлсө эли калат.
Ат - эрдин канаты.
Жоо аяган өзү өлөт.
Жоо качканда баатыр көбөйөт.
Жоо кыстаса баатырга бар.
Жоо чапкан алпка айып жок.
Жоодон алып качкан жан арам.
Журтуна батпаган дүйнөгө батпайт.
Эр жигит үйдө туулат, жоодо өлөт,
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Эр жигит өлөр жерине күлүп барат.
Эр ажалы элден.
Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
Эрди намыс өлтүрөт.
Эрендер элдин четинде, үзөңгүдөн жан берет.
Эчкиче бакырып өлгөнчө, койчо онтоп өл.
Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт.
Атты ашуудан сына, эрди алааматтан сына.
Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодо өлгөн салтанат.
Өзүңдү эр дедиңби, майданга аттан.
Жаманды эл четинен жоо алат.
Жоого жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
Жөнү жок багыныш - эр жигитке өлүм менен тең.
Колдон намыс кетиргенче, канжыгадан баш бериш керек.
Коркконго бир ок да коп, баатырга жүз ок да аз.
Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
Уят - өлүмдөн катуу.
Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт.
Жаны барда жалынган жаман эрдин белгиси.
Жатып өлгөнчө атып өл.
Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө даты калат.
Баатырдын баш ийгени - өлгөнү.
Өз башыңды доого берсең да, жолдошуңду жоого бербе.
Колдон намыс кеткенче, канжыгадан баш кетсин.
Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 2693, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо